Кыргызстанда бокс академиясы курулат. Бул тууралуу КР олимпиада курамасынын катышуусунда өткөн маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов билдирди. Анын айтымында, учурда академия куруу үчүн жер табылган. «Долбоор даярдалып, бекитилген. Азыркы учурда даярдык иштери жүрүүдө», — деди ал.
Спорт
Париж -2024: Машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды (тизме)
Бүгүн, 13-августта Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Париж Олимпиадасынын катышуучуларын, байге ээлерин жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи өттү. Төмөндө акчалай сыйлык тапшырылган машыктыруучулар жана дарыгерлердин тизмеси: Машыктыруучулар: Евгений Петрашов, сууда сүзүү боюнча башкы машыктыруучу (Денис Петрашов жана Елизавета Печерскихтин биринчи жана жеке машыктыруучусу) – 650 миң сом; Андрей Полубапкин, жеңил […]
Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө кубогу өтөт
15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке 14 мамлекттен келген 250дөн ашык спортчу катышат. Кыргызстандын атынан спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча жалпы 39 спортчу өлкө намысын коргойт. Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз […]
Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти кызматынан кетет
Эл аралык Олимпиада комитетинин (МОК) 70 жаштагы президенти Томас Бах мөөнөтү аяктагандан кийин кызматынан кетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Томас Бах “Эл аралык Олимпиада комитетинин этика боюнча комиссиясы мага абалымды жарыялоого уруксат берди. Сиздердин көбүңүздөр Олимпиада хартиясын өзгөртүүгө жана менин мандатымды узартууга макул болушумду сурандыңыздар. Менин биринчи реакциям […]
Париж -2024: Олимпиададан күмүш уткандар 10 млн сомдон, коло медалдарга 7 млн сом берилет
Париждеги Олимп оюндарында күмүш медаль уткан кыргызстандык спортчуларга 10 млн сом берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады. Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын күмүш медалын алышты. Буйруса экөө тең 10 млн сомдон алышат. Ал эми коло байге ээлери мурда 5 миллион сомдон алышса, бу сапар 7 млн сомдон алышат. […]
Париж -2024: Кыргызстандын спортчулары олимпиаданы 6 медал менен жыйынтыктады
Кыргызстандын курама командасы Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарындагы беттештерин жыйынтыктады. Жыйынтыгында Кыргызстан 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болуп, 84 өлкөнүн ичинен 68-орунду ээледи. Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышып, 6 медалга ээ болушту. Парижде эркин күрөш боюнча Мээрим Жуманазарова, бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль тагынышты. Грек-рим күрөшү […]