Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди. Маалыматына ылайык, мелдештин биринчи күнү Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы 5 медаль (1 күмүш, 4 коло) жеңишти. 64 кг чейинки салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча 2-орунду ээледи. […]
Спорт
Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча дүйнөлүк мелдеш өтөт
22-23-август күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу, II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионат болот. Мелдештин биринчи күнү Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу үчүн мелдештин алкагында алп күрөш өтөт. Ага Кыргызстандын атынан абсолюттук салмактагы балбандар Бактияр Мирлан уулу жана Бекболот Токтогонов катышат. […]
Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө кубогу өтүүдө
Бүгүн, 15-августа Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде самбо боюнча дүйнө кубогу башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке 14 мамлекеттен келген 250дөн ашык спортчу катышууда. Килемде спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 71, 88, +98 кг салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 64, 79, 98 […]
«Футбол калыстар мектебине» кабыл алуу башталды
Кыргыз футбол биримдигинин «Футбол калыстар мектебине» 2024-2025-окуу жылына кабыл алуу башталды. Бул тууралуу футбол биримдигинен билдирди. Маалыматка ылайык, окуу курстарын бүткөндөн кийин Улуттук категориядагы калыс болууга ири мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары ийгиликтүүсү ФИФА калысы боло алат. Мектепти бүтүргөн калыстар КФС алдындагы мелдештерге калыстык кылышат. Окуу акысыз болуп, кечки убакытта өтөт. […]
Жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу катышат
28-августтан 8-сентябрга чейин Париж шаарында (Франция) өтө турган жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу барат. Пара дзюдо боюнча Маматибраим Суранов 73 кг чейинки салмакта катышат. Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Боталиева 86 кг чейинки салмак категориясында катышат. Пара триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы (Ангелина Блиндул коштоочу), пара жеңил атлетика […]
Валентина Шевченко үчүнчү жолу Алекса Грассо менен беттешет
Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) уюмунун башчысы Дана Уайт 14-сентябрда Лас-Вегаста «Сфера» спорт комплексинде өтө турган жана Мексиканын Эгемендүүлүк күнүнө туш келген UFC 306 (UFC Noche) турниринин толук курамын расмий жарыялады. Анда спорттук уюмдун башчысы Валентина Шевченко менен Алекса Грассо үчүнчү беттеш өткөрөрүн ырастады Бул иш-чаранын негизги жолугушууларынын бири – жеңил […]