Майк Тайсон рингге кайтып келет

Автор

Атактуу оор салмактагы мушкер, 58 жаштагы Майк Тайсон 2005-жылдан бери биринчи жолу профессионалдык рингге кайтып келет. Быйыл күздө анын атаандашы видеоблогер Джейк Пол болмокчу, деп жазат чет элдик спорт басылмалары. Маалыматка ылайык, сегиз раунддан турган беттеш 15-ноябрга Техас штатында белгиленген. Бул үчүн 80 миң көрүүчүгө ылайыкташкан AT&T стадиону атайын бөлүнгөн. […]

Дүйнө чемпионаты – U-17. Кутман Калбаев финалга чыкты

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Кутман Калбаев дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайыкк, спортчу мелдешке 51 кг чейинки салмак категориясында катышууда. 1/8 финалдык беттеште Армениянын балбанын Саркис Арутюнянды 13:3 эсебинде, 1/4 финалдык беттеште грузиялык Юрий Чапидзени 7:2 эсебинде жеңди. Жарым […]

Криштиану Роналду өзүнүн үч сырын айтты

Автор

Криштиану Роналду жаңы сезонду Сауд Арабиянын Суперкубогунун жарым финалында гол менен баштады. Португалиялык чабуулчу 39 жашта, мыкты формада жана жакын арада карьерасын токтотууну ойлобойт. Ал ортодо Роналду социалдык тармактарга демөөрчүсүн жарнамалоодо үч сырын ачты. Футболчу уйку, талыкпаган эмгек жана калыбына келүүнү баса белгиледи. “Уйку, чыңалуу жана калыбына келтирүү. Жаңы сезон, […]

Париж -2024: Сардана Трофимовага 500 миң сомдук сертификат жана унаа тапшырылды

Автор

Бүгүн, 20-августта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Париж шаарында өткөн Олимпиада оюндарынынын катышуучусу, жеңил атлетика боюнча спортчу Сардана Трофимовага 500 миң сомдук сертификат жана “Chevrolet Tracker” автоунаасынын ачкычын тапшырды. Ведомстводон маалымдашкандай, Алтынбек Максутов өлкө жетекчилигин жана жеке өзүнүн атынан Сардана Трофимовага терең ыраазычылык билдирип, спортчунун көрсөткөн […]

Кыргызстандын тайбокс курамасы Дүйнө чемпиондугунда 5 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 5 медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт депеартаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен экөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло медаль. Кыз-келиндер арасында Аделя Асылбек кызы (60 кг) жана Милана Шихшабекова (51 кг) алтын […]

Дүйнө кубогу : Кыргызстандык самбочулар 13 медаль утушту

Автор

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча өткөн дүйнөлүк кубокто Кыргызстандын курама командасы 13 медаль жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин билдиришти. Маалыматка ылайык, команданын эсебинде 13 медаль бар: 2 күмүш жана 11 коло. Мелдешке 14 өлкөдөн 250дөн ашык спортчу катышты. Күмүш медаль ээлери: – Саяк Бараканов (64 кг, […]