Чолпон-Ата шаарында гиря көтөрүү боюнча өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке 13 мамлекеттен келген 350дөн ашык спортчу катышууда. Чемпионаттын биринчи күнүндө +95 кг салмакта Ислам Нарынбеков 1-орунду ээледи. Белгилей кетсек, мелдеш 25-августта жыйынтыкталат.
Спорт
Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбек машыктыруучусу сыйланды
Парижде мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов сыйланды. Бул тууралуу Чыңгыз Айматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумунун башкы катчысы Ассоль Молдокматова билдирди. Өзбек машыктыруучу Акмаль Хасановго Олимпиада учурунда көрсөткөн адамгерчилиги, толеранттуулугу үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы медаль Ташкент шаарында ыйгарылды.
Дүйнө чемпионатында Кутман Калбаев күмүш медаль утту
Кыргызстандык балбан Иорданияда грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчу мелдешке 51 кг чейинки салмак категориясында катышты. 1/8 финалдык беттеште Армениянын балбанын Саркис Арутюнянды 13:3 эсебинде, 1/4 финалдык беттеште грузиялык Юрий Чапидзени 7:2 эсебинде жеңди. Жарым […]
Акшумкарлар сентябрь айында Иран, Өзбекстан курамы менен беттешет
Акшумкарлар сентябрь айында Иран, Өзбекстан курамы менен беттешет Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына Түркияда даярданат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөнүн курама командасы 5-сентябрда Ирандын, 10-сентябрда Өзбекстандын спортчулары менен беттешет. Бул беттештерге даярдануу максатында курама команда 23-августтан тартып Түркиянын […]
Майк Тайсон рингге кайтып келет
Атактуу оор салмактагы мушкер, 58 жаштагы Майк Тайсон 2005-жылдан бери биринчи жолу профессионалдык рингге кайтып келет. Быйыл күздө анын атаандашы видеоблогер Джейк Пол болмокчу, деп жазат чет элдик спорт басылмалары. Маалыматка ылайык, сегиз раунддан турган беттеш 15-ноябрга Техас штатында белгиленген. Бул үчүн 80 миң көрүүчүгө ылайыкташкан AT&T стадиону атайын бөлүнгөн. […]
Дүйнө чемпионаты – U-17. Кутман Калбаев финалга чыкты
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Кутман Калбаев дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайыкк, спортчу мелдешке 51 кг чейинки салмак категориясында катышууда. 1/8 финалдык беттеште Армениянын балбанын Саркис Арутюнянды 13:3 эсебинде, 1/4 финалдык беттеште грузиялык Юрий Чапидзени 7:2 эсебинде жеңди. Жарым […]