Чемпиондор Лигасы: Чүчү кулак кармоонун жаңы форматы 29-августта болот

Автор

Чемпиондор Лигасынын 2024/25 сезонунда тайпалык баскычсыз өтөт. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда. Маалыматка ылайык, чүчүкулак 29-августта компьютердин жардамы менен өткөрүлөт. Мурда бардык тираждар кол менен жүргүзүлчү. 20 жыл бою Чемпиондор Лигасы ушул эле алгоритм боюнча өтүп келген: клубдар жайкысын, тайпалык баскычы күзүндө, ал эми плей-офф жазында башталат. Бирок […]

Дүйнө чемпионаты – U17: Өмүрбек Асан уулу эркин күрөш боюнча чемпион болду

Автор

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курамасынын мүчөсү Өмүрбек Асан уулу Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Өмүрбек Асан уулу эркин күрөш боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Япония, Украина жана АКШдан келген спортчуларды 4 жолу жеңип алган. Финалда кыргызстандык азербайжандык […]

Дүйнө чемпиону U-17: Кыргызстандык балбандар Исаков менен Кахаров чемпиону болушту Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров алтын медал утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Курсантбек Исаков 55 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Ал алтын медаль үчүн беттеште кубанын балбаны Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону болду. Балбан финалга чейин алгач Япония, андан кийин Казакстан жана Американын балбанын жеңген. Ал эми 65 кг чейинки салмак категориясында катышкан балбан Рустамжан Кахаров чечүүчү беттеште россиялык балбан Рамазан Абдулкадыровду 7:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды. Спортчу буга чейин Иран, Австралия, Грузия жана Казакстандын балбандарын ишенимдүү түрдө жеңип, финалга чыккан болчу.

Автор

Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров алтын медал утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Курсантбек Исаков 55 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Ал алтын медаль үчүн беттеште кубанын балбаны Иосиф Иван […]

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына алыш күрөш боюнча кайсы балбандар барат?

Автор

8-13-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Алыш бел боо күрөшү боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан жалпы 12 балбан классикалык стиль боюнча катышат. Курама команданын тизмеси: Эркектер арасында: — Баяман Абидинов; — Калысбек Каюмов; — Ирлан Казбек […]

Лионель Месси эмки жумада футбол талаасына кайтат

Автор

Аргентиналык атактуу футболчу, “Интер Майами” клубунун жылдызы Лионель Месси футбол талаасына кайтып келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салды. Маалыматка ылайык, аргентиналык футболчу 1-сентябрда боло турган MLS матчына чыгышы күтүлүүдө. Жакынкы күндөрү томугунан алган жаракатынан айыгып жаткан 37 жаштагы аргентиналык чабуулчу машыгууга кайтып келиши керек. Ошол эле учурда Мессинин […]

Чолпон-Атада гиря көтөрүү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө

Автор

Чолпон-Ата шаарында гиря көтөрүү боюнча өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке 13 мамлекеттен келген 350дөн ашык спортчу катышууда. Чемпионаттын биринчи күнүндө +95 кг салмакта Ислам Нарынбеков 1-орунду ээледи. Белгилей кетсек, мелдеш 25-августта жыйынтыкталат.