8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көк пар (жер улак) боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан жалпы 24 улакчы өлкө намысын коргойт. Көк пар боюнча улуттук курама командасынын тизмеси: – Жолдошбек Орозбаев; […]
Спорт
Азия чемпионатында кыргызстандык жаш дзюдочулар 10 медаль жеңди
Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 2 алтын , 8 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара Түштүк Кореянын Мунген шаарында өттү. Өспүрүмдөр арасында (U-17) Марсель Түмөнбаев (50 кг), Адис Орозмаматов (60 кг), Айдай Какитаева (57 кг) […]
U-20: Кыргызстандык балбан Асан Жанышов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал турнирге 87 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Балбан алгачкы беттеште Грузиялык Ачико Боквадзени 11:3, чейрек финалда швециялык Хамза Сертканлини 7:3, ал эми […]
Паралимпиада -2024: Кыргызстандык спортчу Айтунук Жоомарт кызы 11-орунду ээледи
Кыргызстандык Айтунук Жоомарт кызы аялдар арасында триатлондон жарышка түштү. Ал паратриатлондон көзү азиз спортчулар арасында PTVI категориясында мелдешке катышкан. Паратриатлондо спортчулар 150 метрге сууда сүзүп, 20 чакырым велосипед менен жүрүшөт. Андан соң дагы 5 чакырым жөө чуркашат. Айтунук Жоомарт кызы жандоочусу Ангелина Блиндул менен 1 саат 25 мүнөт 36 секундада […]
Кыргызстандык калыстар дүйнө чемпионатын тейлешет
Ата мекендик Калыстар корпусунун өкүлдөрү Колумбияда өтүп жаткан U-20 кыз-келиндер Дүйнө Чемпионатында калыс болушат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган турнирди ФИФА калысы Вероника Бернацкая жана ФИФА калыс жардамчысы Рамина Цой тейлейт. Турнирдин тайпалык баскычы 31-августта старт алды. Дүйнөлүк биринчиликке жалпысынан 24 курама катышып, ал 22-сентябрга чейин […]
Кыргызстан -Иран футбол беттеши Ала-Тоо аянтында түз эфирде көрсөтүлөт
Кыргызстан -Иран футбол беттеши Ала-Тоо аянтында түз эфирде көрсөтүлөт 5-сентябрда Ала-Тоо аянтында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев социалдык тамактагы баракчасы аркылуу билдирди. Маалыматка ылайык, оюн саат 22:00дө башталат. Ал эми Ала-Тоо аянтында […]