V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары – 2024: Аба ашыртмалы күрөшү боюнча курама команда 4 медаль жеңди

Автор

Кыргыз Республикасынын аба ашыртмалы күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында 4 медаль (3 алтын, 1 коло) жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Роман Сапаров (60 кг), Айболот Аманов (80 кг) жана Бактияр Мирлан уулу […]

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары -2024: Кыргыз көк бөрүчүлөрү Казакстандын командасын жеңди

Автор

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттеште Кыргызстандын курама командасы Казакстандын улуттук курама командасын 10:4 эсебинде утуп алды. Финалдык беттеш Астанадагы «Казанат» ипподромунда өттү. Көк бөрүдөн жарым финалда Казакстан Түркияны 15:1 эсеби менен, Кыргызстан Орусия курамасын 11:6 эсеби менен жеңип, финалга чыгышкан.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Тогуз коргоол боюнча курама команда 4 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 4 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департамнетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эркектер арасында Марлис Дуулатбеков күмүш медалга татыса, Сырттан Сыргак уулу коло медалга ээ болду. Кыз-келиндер арасында Азиза Жамансатарова жана […]

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2024: Кыргыз көкбөрүчүлөрү финалда Казакстан менен беттешет

Автор

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан көк бөрү жана көкпардан (жер улак) финалда Казакстандын курамасы менен беттешет. Көкпар боюнча финалдык беттеш бүгүн, 12-сентябрда башталат. Ал эми көк бөрү боюнча финалдык беттеш 16:30 өтөт. Кыргызстандын көкпар командасы 10-сентябрдагы жарым финалдык беттеште Түркиянын командасын 15:1 эсебинде жеңди. Казакстан курамасы 11-сентябрдагы […]

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2024: Алыш бел боо күрөшү боюнча курама команда 7 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын алыш бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен үчөө алтын, бирөө күмүш жана үчөө коло медаль. Эркектер арасында Баяман Абидинов (60 кг) жана […]

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2024: Кыргызстан медалдык эсепте экинчи келатат

Автор

Казакстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын үчүнчү күнүндө Кыргызстандын курамасы тогуз медалга ээ болду. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын сайтында айтылат. Маалыматка ылайык, Кыргызстандык команданын эсебинде азыр жети алтын, жети коло жана тогуз күмүш медаль бар. Медалдык эсепте Кыргыз курамасы казакстандык командадан кийин экинчи орунда келатат. Эске сала кетсек, V Дүйнөлүк […]