Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында жалпы 9 – 1 алтын, 2 күмүш, 6 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 13-14-сентябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Монголия, Иран, Пакистан, Таиланд, Афганистан, […]
Спорт
Күрөш боюнча дүйнөлүк рейтинг: Кыргызстандын 7 балбаны алдыңкы сапка кирди
Бириккен дүйнөлүк күрөш (UWW) өзүнүн расмий сайтында жаңыланган дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Ага ТОП-5ке Кыргызстандан 7 балбан кирди. Эркин күрөш (ТОП-5): Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг чейин) – 1-орун; Алибек Осмонов (70 кг чейин) – 4-орун. Грек-рим күрөшү (ТОП-5): Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) – 3-орун; Акжол Махмудов (77 кг чейин) […]
Бишкекте кыз-келиндер арасында футбол боюнча мелдеш өттү
Бишкектин “Ынтымак” сейил багында кыз-келиндер арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара ЮНФПА жана БУУнун Аялдар уюмунун колдоосу менен уюштурулду. Иш-чаранын башкы максаты — айымдар арасында футболду популяризациялоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана футболдун баарына жеткиликтүү экенин көрсөтүү болуп саналат. […]
Конор Макгрегор кайрадан беттешке чыгат
Эки салмак категориясы боюнча мурдагы Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) чемпиону Конор Макгрегор октагонго кайтууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу белгилүү мушкер бүгүн, 23-сентябрда жарыя кылгандыгын чет элдик спорттук басылмалар жазууда. Макгрегор “Мен 2025-жылы октагонго кайтып келем. Менин азыр жумушум – жөн гана спортзалда болуу, формада болуу болуп саналат. Мен бир […]
Кыргызстандын бокс боюнча курамасы Кытайда эл аралык мелдешке катышат
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдештер 25-сентябрда башталып 10-октябрда жыйынтыкталат. Курама команданын тизмеси: 48 кг Анвар Ходжиев; 57 кг Санжай Сейдакматов, Ислам Төрөбеков; 63.5 кг Мирзохид Имамназаров, Алмаз Орозбеков; […]
Криштиану Роналдунун клубуна жаңы машыктыруучу дайындалды
Италиялык Стефано Пиоли Саудиянын “Аль-Наср” клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, келишимдин чоо-жайы айтыла элек. Пиоли канааттандырарлык эмес жыйынтыктар үчүн кызматтан алынган португалиялык Луис Кастронун ордуна келди. Пиоли 58 жашта, 2019-жылдан бери италиялык адис Миланды жетектеп, 2021/22 сезонунда А Серияда жеңишке жетишкен. […]