Сауд Аравиянын “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду чоң футболдогу карьерасы тууралуу үн катты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жар салды. Атактуу футболчу «Мен азыр футбол талаасына чыгууну жакшы көрөм. Футболдо жылдарым аз калгандыгын билем. Мен үчүн дүйнөнүн эң мыктысы болуу же трофейлерди утуп алуу анчалык деле маанилүү эмес. Мен […]
Спорт
Азия Кубогунун катышуучуларынын толук курамы белгилүү болду
Жаштар арасындагы 2025-жылкы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө катыша турган 16 курама командалары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Маалыматка ылайык, Азия Кубогунун финалдык этабы 2025-жылдын 6-23-февралында Кытайда өтөт. Турнир үчүн өтө турган чүчүкулак тартуу аземинин датасы жакынкы мезгилде айталат.
“Ак шумкарлар” Катар менен ойнойт
Футбол боюнча улуттук курама команда 3-октябрдан тарта 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу мелдештерине даярдыктарды баштайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди. Маалыматка ылайык, Максим Лисицын башында турган улуттук курама команда 10-октябрда Катарда ойнойт. Ал эми 15-октябрда Бишкекте Түндүк Кореяны кабыл алат. Эки айлампанын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык футболчулар эң […]
Камчыбек Ташиев Кыргызстандын жаштар курамасын Азия Кубогуна чыгышы менен куттуктады
Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз футбол биримдигинин башчысы Камчыбек Ташиев футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын эртең мененки тамактануусуна катышып, команданы, машыктыруучулук жана административдик штабдын мүчөлөрүн 2025-жылкы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышы менен куттуктады. Ошондой эле курама команданы куттуктоого биринчи вице-президент Нурдин Букуев, башкы катчысы Медербек Сыдыков жана улуттук кураманын башкы машыктыруучусу […]
Кыргызстандын жаштар курама командасы Азия Кубогуна жолдомо утту
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Азия кубогуна жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун үчүнчү тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы Япониянын курама командасы менен ойноп, 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Мунун жыйынтыгында биздин курама команданын турнирдик […]
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды жеңди
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан – Түркмөнстан футбол боюнча жаштар курама командаларынын беттеши жыйынтыкталды. Оюн 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди. Беттештин экинчи бөлүгүнүн 61-мүнөтүндө Бекназ Алмазбеков пенальти аркылуу гол киргизди. Бул Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы экинчи жеңиш. 29-сентябрда жаштар курама командасы […]