Кыргыз циркинде эмнелер болуп жатат?

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Кыргыз цирктин айланасындагы ызы-чууга аткаруу бийлигинин көңүлүн буруп, чечим кабыл алууну суранды. “Мага цирктин кызматкерлери кайрылып жатышат. Ал жерге дайындалган жетекчи зөөкүр экен, жамаатты кемсинтип, өз айранын чалып атыптыр. Массалык маалымат каражаттары деле жазып жатышат. Циркке таандык айбандарга болгон мамилесин өзүңөр билесиңер”, – деди.

Бүгүн  Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата китеп жарманкеси өтөт

Автор

Бүгүн, 27-апрелде саат 11:00дө борбор калаадагы Курманжан Датканын айкелинин алдында Кыргыз Республикасынын Баатыры, дүйнөлүк улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн алкагында ири китеп жарманкеси өтөт. Ал жерде балдар үчүн да ар кандай аянтчалар даярдалган. Ошондой эле Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында […]

“Кыргыз ажары – Баткен килеминде” аттуу республикалык кароо-сынак өтөт

Автор

Үстүбүздөгү жылы 27-28- апрелде Баткен шаарында “Кыргыз ажары – Баткен килеминде” аттуу республикалык кароо-сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кароо-сынак фестивалынын максаты – кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, даңазалоо жана таанытуу менен биргеликте коңшу жашаган көчмөн […]

Акын Өмүрбек Тиллебаевдин  адабий-поэтикалык кечеси өттү

Автор

Бүгүн, 25-апрелде  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Мезгил канатындагы поэзия” аттуу адабий-поэтикалык кечеси, “Бата жана каргыш” китебинин бет ачары болуп өттү. Иш чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, С.Кайыпов, М.Мамазаирова, А.Медетов, С.Алахан, А.Алымбаев, Ж.Саалаев, окуу жайдын студенттери катышты. Поэзия […]

“Мыкты дастанчы” сынагы жарыяланды. Шарттары

Автор

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Мыкты дастанчы” сынагын жарыялайт. Мекеменин маалыматына ылайык, сынак дастанчылыкты аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу, улуу өнөрдү өнүктүрүү, мыктыларын кеңири коомчулукка таанытуу жана аларга чыгармачылык жактан дем берүү максатында Дүйнө элдеринин эпосторунун VII фестивалынын алкагында дастан айтуучулар арасында жарыяланат.   Маданият министрлиги тарабынан атайын […]

Салттуу музыка жумалыгынын  Ош шаарындагы  программасы

Автор

Салттуу музыка жумалыгы Ош шаарында уланат. Бул тууралуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара 24-25-апрель күндөрү өтөт.   24-апрель – Ыр күнү Иш-чара Ош мамлекеттик университетинде саат 10:00дө илимий-практикалык конференция менен башталат. Конференциянын темасы: Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө […]