Бишкек шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата маданият күндөрү уланууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маданият күндөрүнүн программасына ылайык, 13-июнь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында саат 18:30 да түрк дүйнөсүнүн улуттук кийимдеринин жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү, 40 манасчынын бирге манас […]
Маданият
Бишкекте 2 миң 500 окуучу Манасты бирге айтышты
Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында 2 миң 500 окуучу хор менен Манас айтты. Бул тууралуу Бишкек мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чара «Урааным Манас» кароо-сынагынын алкагында өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо, патриоттукка тарбиялоо, “Манас” эпосун жайылтуу жана президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик […]
“Евровидение-2023” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды
Ливерпулда “Евровидение-2023” сынагынын финалы аяктады. Эл аралык ыр сынагынын жеңүүчүсү Швециядан келген ырчы Лорин болду. Швециялык артист финалда «Tattoo» аттуу ырды аткарган. Бул анын экинчи жеңиши. 2012-жылы «Euphoria» ыры менен “Евровидение” сынагында жеңүүчү болгон. Ошентип, бул Швециянын Европадагы башкы ыр сынагындагы 6-жеңиши.
“Офицерлер” тасмасындагы Ваня кайда? Ким болду?
Баардыгына белгилүү “Офицерлер” тасмасындагы кичинекей Ваня кайда? Ким болду? Ал укмуштуудай карьера жасады, бирок кинодо эмес. Андрей Громов кандай көрүнөт жана ким болду? Мындан 50 жыл мурун “Офицерлер” тасмасы жарыкка чыгып, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган тасма болгон. Ваня Трофимовдун ролун аткарган ошол кездеги жаш актёр Андрей Громовдун кандай экенин жана ким […]
ЮНЕСКО сүрөтчүлөрдүн укугун коргоого 1 млн доллар бөлөт
ЮНЕСКО дүйнө жүзү боюнча сүрөтчүлөрдү укуктук жактан коргоого 1 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун сайтына жарыяланды. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча 1200дөн ашык искусство эркиндигин бузуу фактылары катталган. 12 өлкөдө 39 сүрөтчү өлтүрүлгөн. 24 өлкөдө 119 сүрөтчү абакта отурган.
Манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы белгиленет
2024-жылы залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңеш депутаттары Максатбек Сарбагышев жана Гүлкан Молдобекова Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Иш-чарада эл өкүлдөрү парламент ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, комитет, фракциялардын иш процесстери, алар кабыл […]