Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу ЖАЛПЫ ЖОБО Бул жобо калемгерлердин “Алтын калем” улуттук сыйлыгынын негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Конкурс “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу” тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жыл сайын […]
Маданият
Чолпон- Атада «Мейкин Азия» III эл аралык Ысык-Көл фестивалы башталат
Эртең, 18-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын «Мейкин Азия» III эл аралык Ысык-Көл фестивалы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, фестиваль Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багыт алып, келечекте популярдуу музыка аткаруучулардын башын бириктирген ири аянтчага айланат. Иш-чарада 20-августта жыйынтыкталат. […]
Ошто “Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы башталды
Ош шаарында Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында алгачкы ирет “Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, жалпы бий өнөр ээлерин салтанаттуу куттукташты. Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө […]
Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата 5 китеп жарык көрдү
Баткенде Кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына карата беш китептин бет ачары болду. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, “Арадан эки кылым өтсө дагы, көөнөрбөйт Молдо Нияз мурастары” ураанынын астында өткөн иш-чара Кадамжай шаарынын борбордук стадионунда уюштурулду. Агартуучу, ойчул, философ Молдо Нияздын эмгектерин түбөлүк […]
Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун эстелиги ачылды
“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Эл акыны, ll жана lll даражадагы Манас орденинин ээси, залкар акын Омор Султановдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, жазуучулар, акындар, көрүнүктүү маданият ишмерлери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана жакындары катышты. Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда […]
Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
СССРдин эл артисти, советтик, кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Буйрукта белгиленгендей, №375 уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек. Иш-чараларды ишке […]