Бишкектеги Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эл аралык VIII “Жаңы ысымдар” театр фестивалынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ага маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргыз эл жазуучусу, КР театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулмамбетов баштаган калыстар […]
Маданият
Расул ГАМЗАТОВ: “Чыңгыз Айтматовго”
Кудуреттүү сөз күчүнө жан салып, Кымызды эмес, куйчу каркыт шыңгысын, Жашоо сонун, мен кайрадан таң калып, Салам айтам сага досум Чынгызым! Майрамыңа учуп келдик алыстан, Жылдыз жанган сааттарыңа бат эле, Бир кайгыны жашыра албайм азыр да, Болбогонго арабызда ата энең. Сени өстүргөн энекеңдин алдында, Ойлор басып таазим кылып жатамын, Көлөкө […]
Бүгүн “Манас” эпосунун күнү белгиленет
Бүгүн, 4-декабрда «Манас» эпосунун күнү белгиленет. Буга байланыштуу иш- чаралар Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында расмий башталып, андан кийин Жогорку Кеңеште уланып, кечинде А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында айтыш менен жыйынтыкталат. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин […]
Бишкекте төкмө акындардын республикалык айтышы өттү
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акиевдин 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Айтыш 14 акындын арасында жүрүп, баш байгени Асылбек Маратов илип кетти. Ага 150 миң сом […]
Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүүдө
Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды. Ага КР маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркия маданият жана туризм министринин орун басары […]
Бишкекте Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги ачылды
Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Эстеликтин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери, калемгердин замандаштары, […]