Бүгүн кыргыз музыкасынын алпы, залкар обончу жана чебер аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак. Бүгүнкү датага байланыштуу обончу Хабибилла Азиреткуловдун эскерүүсүн сунуш кылабыз: “БУЛБУЛДАРДЫН ТУКУМУ АЗ” “Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт”- дейт эмеспи. Бул накыл кептин төркүнү улуу устатым, керемет талант, кеменгер ага, адамдын […]
Маданият
Имамидин Ташовго издөө жарыяланды
“KG Групп” курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 10-январдагы жалпы жыйынында билдирди. Ташиев «Биз Имамидин Ташовдун отурган жеринде башкалар менен сүйлөшкөн сөздөрүн бүт жаздырып алганбыз. Ташовду эмнеге кармаганбыз? Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринин жашоочулары мага кайрылган, «ушул жерде […]
Композиторлор арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөр аныкталды.Тизме
Композиторлор арасында өткөн сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи күн мурун Бишкектеги Улуттук тарых музейинде өтүп, маданият министри Алтынбек Максутов сыйлык ээлерин куттуктады. Сынак үч бөлүктө өткөрүлгөн: “Балдар үчүн мыкты аспаптык чыгармалар”; “Оркестр үчүн чыгармалар”; “Мыкты […]
Бир инсан түзүлүшүндө эмнелер бар?
* 20 триллион клетка * 96.000 км узундуктагы кан тамыры * Күндө 100.000 жолу согуп, 9000 литр кан помпалаган жүрөк * 5-6 литр кан * 1 мүнөттө 100.000 кабар алып, же, жиберип турган мээ * 75 км узундугунда нерв * Ар күн 11.000 литр аба алган өпкө * Ар бир […]
Жыл сайын Жусуп Баласагын күнү белгиленет
Кыргызстанда эми жыл сайын Жусуп Баласагын күнү белгиленет. Мындай чечим 22-декабрда министрлер кабинетинин 2023-жылдагы жыйынтыктоочу жыйынында кабыл алынды. Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, залкар ойчул Жусуп Баласагындын чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатында 21-сентябрь Кыргызстанда жыл сайын белгиленүүчү Жусуп Баласагын күнү деп белгиленген чечим кабыл алынды. Белгилей кетсек, жыл жыйынтыгын чыгарган […]
Эртең “Кыргыздар” тарыхый китебинин 40 томдугунун бет ачаары өтөт
“Кыргыздар” тарыхый китебинин 40 томдугу чыкты. Бул туурасында китептин түзүүчүлөрү кабарлады. Тарыхый эмгектин бет ачары эртең, 21-декабрда саат 14:00дө Улуттук тарых музейинде коомчулуктун катышуусунда өтөт. Аталган 40 томдукта байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы, санжыра, рухий маданияты жана башка көптөгөн тарыхый маалыматтар камтылган. Китепти Кыргыз эл жазуучусу […]