Кыргызстанда бардык мектептерде “Англис тили” жумалыгы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жумалык Билим берүү жана илим министрлигинин 12-февралдан 19-февралга чейин республиканын бардык билим берүү уюмдарында “Англис тили жумалыгы” жарыялоо жөнүндө буйругунун алкагында өтүүдө. Буйрукка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери окуучулар арасында конкурстарды, көргөзмөлөрдү, […]
Маданият
Бишкекте жаш төкмө акындардын айтышы өтөт
Бишкекте Кыргыз улуттук “Манас” театрынын төкмө акындары “Андай эмес…” аталышындагы айтыш-концертин тартуулайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт. Жаш акындардын айтышы 17-февралда .Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрында өтөт. Башталышы саат 17:00. Билеттерди театрынын кассасынан алсаңыздар болот. Баасы 500 сом.
Бишкекте Иран кино күндөрү өтүүдө
Бишкекте Иран кино күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Киноматография департаментинен билдиришти. Кино күндөрүнүн расмий ачылышы “Манас” кинотеатрында өтүп, режиссер Абас Асгаринин “Үмүт периштеси” анимациялык тасмасы көрсөтүлдү. Иш-чаранын ачылышына Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хосейн Ядегари, Ирадын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы […]
Катарда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүүдө
Катарда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Салтанаттын ачылышына эки өлкөнүн маданият министрлери Алтынбек Максутов жана шейх Абдулрахман бен Хамад бин Джассим бин Хамад Аль Тани күбө болушту. Кыргызстандан келген маданият өкүлдөрү Доха шаарынын тургундарына жана ал жакта жашап […]
Журналисттер өлкө коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатабы?
Журналисттердин кармалышы боюнча депутат Мирлан Самыйкожо өзүнүн пикирин билдирди. Ал “журналисттер өлкө коопсуздугуна чындап эле коркунуч туудурган болсо, аны ачык айтышсын. Биз ошону күтүп атабыз. Болбосо, ушинтип журналисттер камала береби деген ойлор айтылып жатат. Бул жакшы эмес”,- дейт. Ал эми депутат Гуля Кожокулова “бул сөз эркиндигине же, журналистерге гана басым […]
Харуки Муракаминин жаңы романы жарык көрдү
Жапон элинин атактуу жазуучусу Харуки Муракаминин “Шаар жана анын кооптуу дубалдары” романы орус жана немис тилдеринде басылып чыкты. Романда ашыктардын чексиз сүйүүсү жана сырдуу шаар бар. Чыныгы жана фантастикалык дүйнөнүн чек аралары бүдөмүк болуп, башкы каарман түш менен жашоонун ортосунан өтөт. Шаардын бир дубалдарынын аркасында жашаган сүйүктүүсүн кайрадан табуу үчүн […]