27-март – Эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Сыйлык тапшыруу аземи 27-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтмөкчү. Улуттук сыйлык кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин […]
Маданият
23.03.2023: Кечээ 199 жуп баш кошту
23.03.2023-жылды белгилүү дата катары эсептеген 199 түгөй баш кошушту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Жаштар бул күнү маанилүү күн катары кабылдашкан. Бишкекте 104 жуп мамилесин мыйзамдаштырса, шаардык бакыт үйүндө 62 жуп, ал эми Ош шаарында 8 жуп никеге турушкан.
“Келин таш” тасмасы Эл аралык фестивалда мыкты деп табылды
Кыргызстандык режиссер Гүзел Дүйшөнкулованын “Келин таш” тасмасы Дубайда өткөн эл аралык фестивалда мыкты деп табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, тасма тогузунчу “WOW Film Festival” эл аралык кинофестивалынын конкурстук программасында көрсөтүлгөн. Эске сала кетсек, “Келин таш” ушул жылдын февралында Лос-Анджелестеги кинофестивалда эки сыйлыкка татыган: “Эң мыкты […]
Кыргыз драма театры апрель айынын репертуарын жарыялады
Кыргыз улуттук драма театры апрель айында коюла турган спектаклдердин тизмесин жарыялады. Бул айда борбордогу театрга мейманга Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры да келери белгиленди. 01.04. — Төлөгөн Касымбеков, Көчкөн Сактанов, “Курманжан датка”; 02.04 —Антон Чехов, “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы”; 04.04 — Федор Достоевский, “Мармеладовдор”; 05.04 — Чыңгыз Айтматов, […]
Эртең Бишкекте айрым көчөлөр жабылат
Эртең, 17-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери менен мектеп окуучуларынын катышуусунда жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Жөө жүрүш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочуларды жол эрежелерине көңүл бурдуруу максатында өткөрүлөт. “Буга байланыштуу саат 10:00дөн 12:00гө чейин Сүйөркулов көчөсүнөн чыгышты карай Малдыбаевдан […]
Махмуд Кашкари атындагы адабий сынак жарыяланды
Дүйнөлүк кадыр-барктуу аалым Махмуд Кашкари Барскоони атындагы адабий сынак жарыяланды. Бул тууралуу уюштуруучулар ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Евразия жазуучулар союзунун сайтында айтылды. Маалыматка ылайык, сынакка бардык жазуучулар, каалоочулар кыска аңгемелери менен катыша алат. Аңгеме сынака катышуучунун өз эне тилинде жазылат. Адабий сынактын шарттары менен төмөндө кеңири таанышып алыңыз: