Ысык-Көлдөгү «Евразияга» таандык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Автор

Ысык-Көлдө “Отель Евразия” ЖЧКсына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун, базар баасы 729 млн 682 миң сомдук жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан “Бермет” мамлекеттик пансионатынын (азыркы “Отель Евразия” эс алуу борбору) жер тилкелерин мыйзамсыз жеке […]

Ала-Тоо аянтындагы “Манас” эстелиги реконструкцияланат

Автор

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жайгашкан “Айкөл Манас” эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, реконструкциялоо иштеринин алкагында монументтин постаменти толугу менен жаңыланат жана жер төлөө бөлүгүнүн конструкциялары бекемделет. “Оңдоо иштери бекитилген долбоорго жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бардык этаптар архитектуралык нормалардын негизинде ишке ашып, “Айкөл Манас” монументин […]

Исхак Масалиев Лениндин эстелигин алууга шашылбай турууга чакырды

Автор

Жогорку Кеңештин бүгүн, 16-январындагы жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкектеги Лениндин эстелигин алууга шашылай турууга чакырды. «20-кылымдын башында жерибиз жок болчу, экиге бөлүнүп турганбыз. Бир бөлүгү Россия империясынын, экинчи бөлүгү Кокон хандыгынын курамында болгон. Улуу Октябрдын шарапаты менен Советтер Союзу түзүлүп, андан кийин Кара-Кыргыз Автономиялуу облусун, андан кийин Кара-Кыргыз Автономиялуу […]

Бишкектеги автобустарда накталай төлөм 40 сомго көтөрүлөбү?

Автор

Бишкектин коомдук транспортунда накталай төлөм 40 сом болушу мүмкүн. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев Бишкек шаардык кеңешинин үч туруктуу комиссиясынын биргелешкен жыйынында билдирди. «Накталай төлөм 20 сом, накталай эмес төлөм 17 сом болгондуктан, жарандар накталай эмес төлөмгө өтпөй жатышат. Талкуу, талдоо аяктагандан кийин долбоорду […]

Дүйнөдө эң көп окулган 10 китеп

Автор

Жасалма интеллекттин маалыматы боюнча дүйнөдө эң көп окулган 10 китеп жарыяланды.Бул китептер миллиондогон нускаларда сатылган жана көптөгөн тилдерге которулган, окурмандар арасында кеңири жайылган. Дүйнөдө эң көп окулган 10 китеп төмөнкүлөр: 1. Курани Керим – Ислам дининин негизги ыйык китеби. 2. Библия – Дүйнөдө эң кеңири таралган жана окулган диний текст. […]

Кантта мыйзамсыз менчиктештирилген автотранспорт ишканасы мамлекетке кайтарылды

Автор

Кант шаарында жалпы аянты 28143,27 чарчы метр (курулуштары бар) автостанциясы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 1996-жылы айрым үлүштүк катышуучулары бар «Каниет» ААКнын жетекчилиги Кант шаарындагы автостанцияны мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган, анда мамлекеттин үлүшү 39,25% түзгөн. Бирок, […]