Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахта кулап, кен казуучу уран астында калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, окуя болгон жерге тез арада жети куткаруучу жөнөтүлүп, дагы алты куткаруучу тартылган. «Куткаруучулардын ыкчам аракетинин аркасында шахтер аман-эсен чыгарылды. Ал тез жардам бригадасына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат […]
Күндеми
Былтыр кыргыз жарандыгын алууга 23 миңден ашуун адам кайрылган
2024-жылы 23 миңден ашуун жараны Кыргызстандын жарандыгын алуу үчун арыз тапшырган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Калкты каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары Бекзат Ибраимов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, 23 миңден ашуун арыз түшкөн, бирок анын ичинен миңден ашуун гана Орусиянын жаранына берилген. Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан […]
Бишкекте 17 миң 400 ипотекалык батир курулуп жатат
Бүгүнкү күндө Бишкекте мамлекеттик ипоткалык программанын алкагында 17 миң 400 батир курулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания 2030-жылга карата курулуп жаткан батирлердин санын 25-30 миңге жеткирүүнү көздөп жатат. “Президент Садыр Жапаров өлкөдө турак жайларга карата […]
Бүгүнкү доллардын курсу
Бүгүн, 17-январь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 33 тыйынга чейин болсо, сатуу 87 сом 81 тыйын болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 45 тыйын деп көрсөтүлгөн
17-январга карата аба ырайы
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 17-январда Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10; Талас өрөөнүндө түнкүсүн […]
Камчыбек Ташиев ЖОЖдордун кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү. Эмнелер талкууланды?
Бүгүн, 16-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү. Кеңешме УКМКнын Академиясынын имаратында Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин (орун басарлары), ЖОЖдордун ректорлорунун, кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорунун катышуусунда өттү. Жолугушууда Камчыбек Ташиев жогорку билим […]