Сүттүү-Булак жайлоосунда изделип жаткан жарандын туугандарынын макулдугу менен издөө иштери токтотулуп, жерине тартылган куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда. Таң эрте издөө ишине 27 куткаруучу 1 дрон менен чыгышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Эске салсак, 15-декабрда Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, […]
Күндеми
18-январга карата аба ырайы
18-январда түнкүсүн жана күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда да кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10 Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндуз -1…+4 […]
Ысык-Көлдүн түбүнөн 14 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды
Ысык-Көлдө 2024-жылы көлдүн экологиясын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Көлдүн түбүн тазалоонун натыйжасында 14 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды. Ошондой эле 220 чакырым жээк тазаланып, андан 85 тонна таштанды чыгарылып, 112 миң 100 метр мыйзамсыз балык уулоочу […]
Чоң-Алай мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлөт
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында “Чоң-Алай” мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду. Документке ылайык, демилге өзгөчө корголуучу жаратылыш комплекстерин жана Чоң-Алайдын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргоо максатында иштелип чыккан. Бул […]
Акча чогулткан старосталар камалат! Ташиев студенттерге кайрылды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев студенттерге кайрылып, акча чогултуп, мугалимге бергенди токтотууга чакырды. «Акча чогултканды токтоткула. Акчаны жакшы окугандар, группанын башчылары чогултат. Алардын акча чогултуп, мугалимге бергени тууралуу маалымат бар. Мен баарын билем. Мени эч ким алдай албайт. Өзүңөрдөн баштагыла, акча чогултпагыла! Муну башка студенттерге да айтып баргыла. […]
Аптанасаат: Уяттуулук жөнүндө сөз
Уят жөнүндө түшүнүк эне сүтү менен кошулуп бала кезден кан-жыныбызга сиңип кеткен нерсе. “Уят- өлүмдөн катуу”, “Уялбагандан өзүң уял” деген сыяктуу макалдар биз үчүн ыйык эреже болуп калган. Таалим-тарбиясы жетик адамдын калыптануусу уятына жараша болот. Уяты бар адамдан эч качан түңүлбөш керек. Андай адамдан жамандык күтпө, ал сага кыянаттык кылбайт, […]