Бүгүн мугалимдерге ноутбуктар бериле баштайт

Автор

Бүгүн, 20-январдан тартып мугалимдерге ноутбуктар бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процесси башталды. Технопарктын директору Касымбек Келебаев эки күндө 300дөй ноутбукту чогултуп, сыноо тестине коюшканын билдирди. Билим берүү жана […]

Быйыл Кыргызстанда кайсы жолдор оңдолору айтылды

Автор

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликтин 2025-жылга карата иш пландары менен бөлүштү. Бул тууралуу ал Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл жазында башталат. Андан тышкары, быйылкы жылга жол оңдоо багытында пландалган иштер төмөнкүлөр: Бишкек – Ош жолунун Суусамыр (100 км) тилкесин оңдоо; […]

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 11 медаль утушту

Автор

Кыргызстандык окуучулар Казакстанда өткөн XXI эл аралык Жаутыков олимпиадасында математика, физика жана информатика боюнча бир алтын, төрт күмүш, алты коло медаль алды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, олимпиада 13-январдан 17-январга чейин өтүп, ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Россия, Беларусь, Армения, Азербайжан, Түркия, Грузия, Болгария, […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 20-январь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 33 тыйынга чейин болсо, сатуу 87 сом 81 тыйын болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 45 тыйын деп көрсөтүлгөн

Мурдагы «Ганси» борборунда 6,7 млн сомдук мүлк кымырылган

Автор

Мурдагы «Ганси» борборунда 6,7 млн сомдук мүлк кымырып алынгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы Коргоо министрлиги менен биргеликте Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында жүргүзүлгөн текшерүүдө мурдагы «Ганси» транзиттик ташуулар борборунда сактоодо турган 6 млн 700 миң 600 сомдук материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды. […]

Камчыбек Ташиев Кыргызстанда коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин түшүрүү керектигин айтты

Автор

2025-2026-жылдарга Кыргызстанда коррупциянын деңгээлин эң төмөн көрсөткүчкө, 5-10 пайызга чейин түшүрүү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдары Кыргызстанда коррупциянын деңгээли болжол менен 70-80 пайыз болсо, азыркы күндө 30-40 пайызга түшкөн. “Биздин аракеттерибиздин негизинде […]