ТИМ Кореяда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Автор

Акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кореянын аймагында жүргөн кыргызстандыктарды сактык чараларын күчөтүүгө жана зарылчылык болбосо жашаган жерлеринен чыкпоого чакырат. “Коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана массалык иш-чараларга катышуудан толук баш тартууну өтүнөбүз”, – деп айтылат ведомствонун маалыматында. Министрлик өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргызстандын Кореядагы […]

Декларация: ЖК төрагасы бир жылда канча акча тапканы айтылды

Автор

Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2023-жылы 2 млн 200 миң 572 сом киреше тапса, чыгашасы 10 млн 884 миң 840 сомду түзгөн. Декларацияда анын кыймылсыз мүлкү жок экени жазылган. Ал эми «кыймылдуу мүлк» пунктунда, 6 млн сомдук […]

Урматбек Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Автор

Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бүгүн, 20-январда Урмат Самаев ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш бөлмөсүнө тааныштырылды. Ал социалдык блокту көзөмөлдөйт.

Салык кызматынын түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду. Эмнелер жоюлду?

Автор

Бүгүн, 20-январда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун борбордук аппаратынын жаңы түзүмүн бекитти. Бул тууралуу ведомствонун аппараттык жыйынында белгилүү болду. Эми борбордук аппараттын текшерүү башкармалыгынын функциясы кыскарды. Кайра уюштурууга чейин бул башкармалык негизинен буга чейин иштин мындай абалына нааразы болуп келген ири бизнеске карата көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүп келген. Салык […]

Бишкекте дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү. Төрт адам түтүнгө ууланган

Автор

Бишкектеги Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу дүкөндөн чыккан өрт саат 10:06да толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. «Тилсиз жоонун кесепетинен 4 адам түтүнгө ууланып, Тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык кызмат көрсөтүлдү. Учурда жарандардын абалы туруктуу. Ошондой эле болжол менен 300 чарчы метр аянт күйүп кетти»,- […]