Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 22-23-январда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 […]
Күндеми
Бүгүнкү доллардын курсу
Бүгүн, 21 -январь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 32 тыйынга чейин болсо, сатуу 87 сом 81 тыйын болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 44 тыйын деп көрсөтүлгөн
21-январга карата аба ырайы
Синоптиктердин маалыматына ылайык, 21-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7; Баткен, Ош, Жалал-Абад […]
Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын жаңы имаратынын курулушуна старт берди
Бүгүн, 20-январда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында Башкы прокуратуранын жаңы имаратын курууга мезгил кутусун салды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө прокуратура органдары мыйзам үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун чыңдалышын, жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын мыйзам аркылуу корголушун камсыз кылуучу негизги институт экенин баса белгиледи. Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын жаңы имаратынын курулушу – мыйзам үчүн кызмат […]
Декларация: Мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун канча байлыгы бар?
Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Маалыматка ылайык, былтыр декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы кызматтынан кеткен Акылбек Жапаровдун бир жылдагы кирешеси 2 млн 826,6 миң сом болгон. Ошондой эле, анын декларациясында аянты 77,5 чарчы метр батири гана бар экени жазылган.
Салык кызматынын мурдагы жетекчиси 20-мартка чейин камакта калды
Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун камактагы мөөнөтү узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, ал 20-мартка чейин камакта калды. Эске салсак, Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычев 2024-жылы декабрда камакка алынган.