Кыш чилдеси качан түшүп, качан чыгат?

Автор

Кыш чилдеси качан түшүп, качан чыгарына кызыгып көрсөк. Кыш чилдеси кырк күн, кырк түн болот. Кыш мезгилиндеги эң кыска күн 20-декабрь, ал эми 21-декабрга караган түнү эң узак түн болот. Андан кийин акырындык менен күн узара баштайт. Түн болсо кыскарат. Астрономиялык изилдөөлөр боюнча күн экватордук сызыктан алыстап, эклиптиканын түштүк уюлун […]

Лейлек райондук маданият бөлүмүндө 6,5 млн сом уурдалган

Автор

Лейлек маданият бөлүмүндө жасалма ведомосттор аркылуу 6,5 млн сом уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Баткен облусунун Лейлек районунун прокуратурасы тарабынан Лейлек райондук маданият бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө 2022-2024-жылдары бөлүмдүн башкы эсепчиси жасалма ведомосттор аркылуу 6 млн 523 миң 917 сом акча каражатын кымырып алгандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча райондук […]

Ботаникалык бактарга өзгөчө макам берилди

Автор

Улуттук илимдер академиясына караштуу “Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак” илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамы берилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Маалыматка ылайык, мындай макам ботаникалык бактын Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү аянты 127,0 га болгон жер тилкесине, Горький көчөсүндөгү аянты 20,15 га жер тилкесине жана Нарын […]

Башкы прокуратура өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган жаран тууралуу маалымат берди

Автор

Башкы прокуратура өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган жаран тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, М.Э.А соттун чечимине нааразы болуп, өзүн өрттөөгө аракет кылган. Бул окуя боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө. “20-январда Башкы прокуратуранын имаратынын алдында М.Э.А. аттуу жаран сот жана прокуратура органдарына нараазычылыгын билдирип, жанына ала келген […]

Индеецтердин акылман кептери

Автор

1. Жакшы адам жакшы жышаандарды гана көрөт. 2. Өзүңдү угуу үчүн унчукпаган күндөр керек. 3. Өлгөн атты минип баратканыңызды байкасаңыз – түшүңүз! 4. Унчукпаган адам көп сүйлөгөндөн эки эсе көптү билет. 5. Мекен – бул өзүңдү жакшы сезген жер. 6. Айтар сөзүң болсо, даана көрүнүү үчүн ордуңдан тур. 7. Дайыма […]

Декларация. Каржы министри 2023-жылы канча киреше тапкан?

Автор

Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Анда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, каржы министри Алмаз Бакетаев 6 миллион 836 миң 96,2 сом киреше тапкан. Белгилей кетсек, Алмаз Бакетаев Каржы министрлигин 2021-жылдын 13-октябрынан бери жетектеп келген. Декларацияда жакын туугандарынын кирешеси тууралуу да маалыматтар бар. Алар 3 миллион сом киреше […]