Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү алгандар батирлерин ижарага берүүгө укугу жок. Эгер ушундай маалыматтар тактала турган болсо, автоматтык түрдө батири мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга карата чара көрүлүп, үй кезекте турган кийинки жаранга берилет. «Биз 2024-жылы тапшырган 1059 батирдин бирөөсүн дагы […]
Күндеми
Жакынкы сааттарда Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө
Бүгүн, 22-январда жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. ӨКМ шамал катталган учурда коопсуз жайларда болууну, кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү кызматына токтоосуз чалууну эскертет. […]
Кыргызстанда 9 айылдын аталышы өзгөрдү. Мыйзамга кол коюлду
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 5-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды, Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагынын Параканда […]
Бүгүнкү доллардын курсу
Бүгүн, 22 -январь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 31 тыйынга чейин болсо, сатуу 87 сом 80 тыйын болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 45 тыйын деп көрсөтүлгөн
Президент Садыр Жапаров дин тууралуу мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу дин боюнча мыйзамга кол койгонун билдирди. Өлкө башчысы бул мыйзамды каршы пикир менен кайтарууну суранган, динди катуу карманган жарандар дагы, ошол эле мезгилде кол коюлуп күчүнө киргизишин суранган, светтик көз караштагы жарандар да бар экенин белгиледи. “Светтик көз караштагы жарандарыбыз дагы Кыргызстанда динди […]
22-январга карата аба ырайы
Эртең, 22-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Жалал-Абаддын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана […]