Доналд Трамп кызмат ордуна киришкендеги алгачкы максатын ачыктады. Ал ЛГБТ уюмун тизгиндейт. “Жаштарыбызды физикалык, химиялык жана сезимталдык жактан жок кылгандарга алгачкы планым мындай: Президент болгон күнү Байдендин саламаттык сактоого байланышкан мыйзамын артка чакыртып алам. Бул мыйзам Америка жаштарын бузукулукка үндөгөн, физикалык жактан бузган мыйзам. Андыктан, Конгресске жаңы мыйзам долбоорун сунуштап, […]
Дүйнө
АКШда Украинага дагы 9 миллиард доллар жардам макулдашылган
АКШда азыркы учурга карата Украинага 9,3 миллиард доллар жардам макулдашылган. Бул тууралуу Пентагондун расмий өкүлү Патрик Райдер брифинг учурунда билдирди. Пентагондун өкүлү Вашингтон аскердик жардамды Киевге тезирээк өткөрүүгө ниеттенип жатканын тастыктады. Кырдаалдын зарылдыгы Ак сарайдагы бийликтин алмашуусу эле эмес, фронттогу абал менен байланыштуу экенин белгиледи.
Ишкер Маск демократияга эмес бюрократияга коркунуч болорун эскертти
Америкалык ишкер Илон Маск АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясында түзүлгөн жаңы мекемени жетектей турганы жарыялангандан кийин, мамлекеттик кызматка келүүсү «бюрократияга коркунуч» туудурушу мүмкүн экенин айтты. «Демократияга коркунуч эмес, бюрократияга коркунуч»,-деп жазган Маск социалдык тармакта. Ал азыркы президент Жо Байден менен вице-президент Камала Харрис Трампты «демократияга коркунуч» деп айтканына […]
Ажырашуудан кийинки трагедия: Элди сүзгөн айдоочу 35 адамдын өмүрүн алды
Кытайдын Чжухай шаарында 11-ноябрда өлүмгө алып келген жол кырсыгы катталды. Анда 35 адам каза болуп, 43 адам жаракат алды. Маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берип, 62 жаштагы Фан аттуу айдоочу ажырашуудан кийинки мүлктү бөлүштүрүү маселесинен улам капа болгонун жазышкан. Ал унаасы менен спорттук комплексте машыгып жаткан адамдарды сүзгөн. Андан кийин […]
Гутерриш: Климаттык каржылоо — бул кайрымдуулук эмес, инвестиция
Климаттык каржылоо кайрымдуулук эмес, бул инвестиция. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Бакуда өткөн дүйнөлүк климаттык саммиттин ачылышында билдирди. “Мен кызыкдар тараптарды өзгөрүүлөргө чакырам, анткени биз убакытты текке кетире албайбыз”,-деди Антониу Гутерриш. “Бул маанилүү учурда сиз жана сиздин өкмөттөр климаттык каржылоо кайрымдуулук эмес, инвестиция экенин түшүнүп, климаттык […]
Мирзиёев: Өзбекстан палестиналык балдар менен аялдарды акысыз дарылоого даяр
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев согуштан жабыркаган палестиналык балдар менен аялдарга Өзбекстандын клиникаларында акысыз дарылоо кызматын көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы 11-ноябрда Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өткөн араб-ислам саммитинде сүйлөп жатып билдирди. «Социалдык инфраструктура объектилери, мектептер, оорукана, мечиттер, бүтүндөй шаарлар кыйрап, миллиондогон карапайым калк баш паанексиз калып, ачарчылыктан […]