АКШ Украинаны курал-жарак менен камсыздоону жума сайын жүргүзүп, Жо Байден кызматтан кеткенге чейин калган 7,1 миллиард доллар жардамды бөлүштүрүп бүтүрүүгө аракет кылат. Бул тууралуу Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх билдирди. Ошол эле учурда, Ак сарайдан Украинага аскердик жардамды Байден кызматтан кеткенге чейин жеткирүү Пентагон үчүн оңой болбой турганы эскертилди. Пентагон Украинаны […]
Дүйнө
Пашинян биринчи жолу сакалын алды
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сакалын алдырып салды. Бул тууралуу видеону өзүнүн Телеграм каналында жарыялады. Пашинян бул чечимин түшүндүргөн жок. Маалыматтарга караганда Пашинян сакалды 2018-жылдан бери өстүрүп жүргөн. Ошол жылы Арменияда бийлик алмашкан.
Иранда хиджабдан баш тарткан аялдар “дарыланат”
Иран бийлиги Тегеранда хиджаб кийүү мыйзамын бузган аялдарды дарылоого арналган клиника ачуу пландары жөнүндө билдирди. Бул тууралуу Iran International телеканалы маалымдады. Клиникага баруу ыктыярдуу болору айтылды. “Бул борбор хиджабды чечүү көйгөйүн илимий жана психологиялык дарылоого багытталат”,-деп билдирди адеп-ахлактык жана бузукулуктун алдын алуу боюнча аялдар жана үй-бүлө иштер департаментинин башчысы Мехри […]
Ким Чен Ын дрондорду сынады
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын ар кандай үлгүдөгү дрондордун мүмкүнчүлүктөрүн сыноолорго өзү жетекчилик кылды. Ал дрондордун массалык өндүрүшүн жолго коюуну тапшырды. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Борбордук Телеграф Агенттиги (ЦТАК) билдирди. Түзүмдөр Түндүк Кореянын Дрондук Авиация Технологиялары Бирикмеси тарабынан иштелип чыккан. ЦТАК билдиргендей, сунушталган дрондор, анын ичинде «сокку уруучу камикадзе […]
Франция 2 миңден ашык украин аскерин окутту
Франция 2,3 миң украин аскеринен турган бригаданы окутууну аяктады. Бул тууралуу Франциянын коргоо министрлиги билдирди. Билдирүүдө украин аскерлери батыш өндүрүшүндөгү артиллерия жана башка куралдарды колдонуу менен ар кандай согуштук маневрлерди машыгып жаткан видеотасма кошо берилген.
Байден менен Трамп барымтадагылардын маселесин чечүүнү макулдашты
АКШ президенти Жо Байден жана мамлекет башчылыгына шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп шаршемби күнү Ак сарайда жолугушуп, Газада кармалып турган барымтадагылар маселесин талкуулашты. Бул маселени Трамптын инаугурациясы боло турган 2025-жылдын 20-январына чейин чогуу чечүүнү көздөшкөндүгүн билдиришти. “Шаршемби күнү Байден Овалдык кабинетте Газада кармалып турган америкалык барымтадагылардын үй-бүлөлөрү менен бир жарым […]