НАТОнун жаңы башчысына көптөгөн көйгөйлөр калды

Автор

Кызматына киришип жаткан НАТОнун жаңы башчысы Марк Рюттеге коопсуздукка байланыштуу бир катар көйгөйлөр мураска калгандай. Бул тууралуу макала Euronews каналына жарыяланды. Нидерланддын мурдагы премьер-министри Марк Рютте 2024-жылдын 1-октябрында расмий түрдө 32 өлкөнү бириктирген НАТО альянсынын жаңы башкы катчысы кызматын ээлейт. Ал он жыл бою альянсты башкарган норвегиялык Йенс Столтенбергдин ордуна […]

Сигэру Исиба Япониянын жаңы премьер-министри болуп шайланды

Автор

Япониянын төмөнкү парламенти башкаруучу Либералдык-демократиялык партиянын (ЛДП) башчысы Сигэру Исибаны өлкөнүн жаңы премьер-министри кылып шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 67 жаштагы Исиба 465 добуштун ичинен 291 добушка ээ болду.

Миллиондон ашык ливандыктар үйлөрүнөн кетти

Автор

23-сентябрда Израил «Хезболла» түзүлүштөрүнө каршы операциясын баштагандан бери Ливандын 1 миллиондон ашык жашоочусу же калкынын төрттөн бир бөлүгү үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу экология министри Насер Ясин билдирди. “Израилдин Ливанга карата агрессиясынын жетинчи күнүндө, убактылуу жайгаштыруу борборлорундагы адамдардын саны 157 миңден ашып, 856 борбордо турушат. Биздин баалоолор боюнча […]

Япониянын өкмөтү отставкага кетти

Автор

Премьер-министр Фумио Кисида башында турган Япония өкмөтү отставкага кетти. 1-октябрда өлкөнүн парламенти жаңы министрлер кабинетинин башчысын аныкташы керек. Бул кызматка 27-сентябрда башкаруучу Либералдык-демократиялык партиясынын төрагасы болуп шайланган Сигэру Исиба келиши күтүлүүдө. Болжолдонгон жаңы премьер-министр Кисида сыяктуу эле, 67 жашта жана эң тажрыйбалуу саясатчылардын бири. Ал коргоо, айыл чарба министри, калктын […]

Бычакчан адам супермаркетте үч адамды өлтүрдү

Автор

Шанхай шаарында бир адам супермаркеттеги кардарларга бычак менен кол салды. Окуяда үч киши каза болуп, 15 адам жаракат алды. Алгачкы иликтөөлөргө ылайык, кылмышка жеке каржылык кыйынчылыктар себеп болгон. Ал адам кармалды. Окуя 30-сентябрда болгон. Полиция кызматкерлери чакыруу түшкөн жерге тез арада жетип, кол салууга шектелген 37 жаштагы Линь аттуу кишини […]

Казакстанда 6-октябрда АЭС куруу боюнча референдум өтөт

Автор

Казакстанда 6-октябрда алгачкы атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча референдум өтөт. Бул тууралуу Казакстандын электр энергетика ассоциациясынын төрагасы Талгат Темирханов Еревандагы Евразия экономикалык форумунда билдирди. АЭСти Алматы облусунун Жамбыл районундагы Улкен айылында (Балхаш көлүнө жакын) куруу сунушталууда.