ДССУ: Ар бир онунчу өспүрүм социалдык тармактарга көз каранды

Автор

Дүйнө жүзүндө ар бир онунчу өспүрүм социалдык тармактарга жана компьютердик оюндарга көз каранды болуп калган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жаңы отчетунда айтылат. ДССУнун адистери 2022-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн маалыматтарына таянышкан. Сурамжылоого АКШдан, Европа өлкөлөрүнөн, Борбордук Азиядан жана Канададан 11 жаштан 15 жашка чейинки 280 миңге жакын өспүрүмдөр катышкан. […]

Путин менен Си Цзиньпин бири-бирин куттукташты

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бири-бирине өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 75 жылдыгына карата куттуктоо телеграммаларын жолдошту. Си өлкөлөрдү стратегиялык кызматташтык жана өз ара мамилелер гана эмес, жакшы коңшулук достук да байланыштырып турарын белгиледи. Путин өз кезегинде, орус-кытай өнөктөштүгү дүйнөлүк коопсуздукту камсыздоого жардам берет деп […]

Тайып Эрдоган:”Терроризм, кол салуу, курчап алуу босогобузга келди”

Автор

Израилдин Палестина менен Ливиядан кийинки көз коё турган аймагы Түркия деп билдирди президент Эрдоган. Ал “Түркия Ливия менен Сирияга 170 км. Унаа жолу аркылуу 2.5 саатта жетсе болот. Тактап айтканда, терроризм, кол салуу, курчап алуу босогобузга келди. Түркия Израилдин жанында турсун дегендерге айтаарым, айрыкча, “Хамас” террордук уюм дегендердин эсине салам, […]

Иран Израилге 180 баллистикалык ракета учурду

Автор

1-октябрдын кечинде Иран Израилдин аймагына баллистикалык ракеталар менен массалык сокку урду. Израилдин бардык аймагында аба чабуулу жөнүндө сиреналар жаңырды. Израилдин бийлигинин маалыматы боюнча, Иран 180 баллистикалык ракета аткан. Курмандыктар жана кыйроолор жөнүндө азырынча маалымат жок. «Иран чоң ката кетирди жана бул үчүн жооп берет. Ирандагы режим биздин өзүбүздү коргоо жана […]

Иран тарап Израилдин аскердик жайлары бутага алынганын билдирди

Автор

Иран Израилдин аскердик объектилерине гана ракеталык сокку урду. Бул тууралуу Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди. “Жөнөкөй тынч жарандарды жана жарандык инфраструктура объектилерин ар дайым мыйзамдуу максат деп эсептеген Израилден айырмаланып, Иран коргонуу максатындагы ракеталык соккуларды аскердик объектилерге гана жасады”,-деп айтылат өлкөнүн ТИМи жарыялаган билдирүүдө.

Мурдагы премьер-министр НАТОнун башчысы кызматына расмий түрдө киришти

Автор

Нидерландиянын мурдагы премьер-министри Марк Рютте НАТО уюмунун башчысы болуп расмий түрдө кызматка киришти. Альянстын кетип жаткан башчысы Йенс Столтенберг ага салтанаттуу түрдө балканы тапшырды. Рюттенин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү аземи Брюсселдеги альянстын башкы кеңсесинде Түндүк Атлантикалык Кеңештин атайын жыйынында өттү. 20-июнда Рюттенин альянстын эң жогорку кызмат ордуна талапкерлигин НАТОго мүчө […]