Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Марбург вирусунун жаңы эпидемиясынын коркунучу тууралуу эскертүүдө. Уюмдун 26-сентябрдагы маалыматына ылайык, Руанданын 30 аймагынын жетөөндө жалпы 26 учур катталып, сегиз адам көз жумган. ДССУнун баамы боюнча, улуттук жана регионалдык деңгээлде эпидемиянын чыгуу коркунучу өтө жогору, бирок глобалдык деңгээлде төмөн деп эсептелет. Марбург вирусу Эбола үй-бүлөсүнө […]
Дүйнө
Израил БУУнун баш катчысына персона нон грата жарыялады
Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац Бириккен Улуттар Уюумунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттеришти персона нон грата деп жарыялады. Эл аралык уюмдун башчысына өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Израилдин бийлиги мындай чечимди Гутерриштин Ирандын ракеталык чабуулун анык айыптабаганын эске алуу менен кабыл алган. 1-октябрда Иран Израилге ракеталык чабуул жасагандан кийин кечинде […]
Трамп кагылышууларга Байденди айыптады
АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп учурдагы америкалык лидер Жо Байденди жана анын администрациясын Ирандын Израилге кол салышына жана дүйнөнү каптаган башка кагылышууларга күнөөлөдү. «Бүгүнкү дүйнөгө караңыздар — азыр Жакынкы Чыгышка атылып жаткан ракеталарды, Россия, Украинада эмне болуп жатканын, дүйнөнү талкалап жаткан инфляцияны караңыздар. Мен президент болуп турганда мунун бири да […]
Угледар администрациясына Россиянын желеги орнотулду
Угледар администрациясынын имаратына Россиянын туусу орнотулду. Бирок шаардын толук бошотулгагы жөнүндө айтуу али эрте. Азыр тазалоо иштери жүрүп жатат. Ал жерде Украина Куралдуу Күчтөрүнүн чачыранды бөлүктөрү калып жатат. Бул тууралуу Донецк аймагынын башчысынын кеңешчиси Ян Гагин билдирди.
Израил армиясы Ливанда катуу салгылашуу жүрүп жатканын кабарлады
Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Түштүк Ливанда катуу салгылашуулар жүрүп жатканын билдирип, аймактын тургундарын Литани дарыясынын түштүгүндөгү аймактарга барбоого чакырды. Буга чейин «Хезболла» кыймылы Ливанда Израилдин аскердик операциясы башталгандан бери биринчи жолу Одайсе кыштагынын жанында Израил аскерлери менен кагылышуу болгонун билдирген. «Ливандын түштүгүндөгү жашоочулар үчүн шашылыш эскертүү. Катуу салгылашуулар жүрүүдө. Коопсуздук […]
Аэропорттун учуп-конуу тилкесинде жарылуу болду
Япониянын Миязаки префектурасындагы аэропортто жарылуу болду. Учуу-конуу тилкеси жабылып, каттамдар токтотулду. Nikkei агенттигинин маалыматына караганда жарылуунун үнү Миязаки аэропортунун аймагында тастыкталды. Толук маалыматтар белгисиз. Жарылуу 2-октябрь күнү таңкы саат 8:10 чамасында болуп, жол бузулуп, бетинде аянты болжол менен жети чарчы метрди түзгөн тешик пайда болгон. Жабыркагандар жөнүндө маалымат түшкөн жок. […]