Түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинин жыйыны өтүүдө

Автор

Астана шаарында түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинин Бешинчи жыйыны өтүп жатат. Жыйынга Казакстандын муфтийи Наурызбай Таган уулу, Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров, Түркиянын дин иштери боюнча министри Али Эрбаш, Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы Аллашүкүр Паша-Заде, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы Нуриддин Халыкназар, Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов жана башкалар […]

БУУнун баш катчысы Ирандын Израилге чабуулун айыптады

Автор

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш 1-октябрдагы Ирандын Израилге жасаган массалык ракеталык соккусун айыптады. Анын айтымында, мындай аракеттер ирандык аскерлер тарабынан палестиналыктарды колдоого жардам бербейт жана алардын азабын азайтпайт. “Мен бул массалык ракеталык соккуларды дагы бир жолу катуу айыптайм”,-деди ал Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын курчушуна байланыштуу Франция чакырган жыйында. Гутерриш Ливандагы толук […]

Пашинян Францияга сапар алды

Автор

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бейшемби күнү үч күндүк иш сапар менен Францияга жөнөп кетти. Ал жерде Франциянын лидери Эммануэль Макрон менен жолугушат жана Франкофония эл аралык уюмунун саммитине катышат. Маалыматка ылайык, сапар 3-5-октябрь күндөрү болот. Иш сапарынын алкагында Армениянын премьер-министри Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана премьер-министри Мишель Барнье менен жолугушууларды […]

Путин айыпталуучуларды аскердик операцияга жөнөткөн мыйзамдарга кол койду

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин айыпталуучулар менен сот өндүрүшү баскычындагы аскердик келишимдерди түзүүгө мүмкүндүк берген эки мыйзамга кол койду. Тиешелүү документтер расмий укуктук маалымат порталына жарыяланды. Биринчи мыйзам мобилизация учурунда же согуш мезгилинде айыпталуучулар менен аскердик кызмат өтөө тууралуу келишимдерди түзүүгө мүмкүндүк берет. Экинчи мыйзам мобилизация боюнча аскерге чакырылгандарды же Россиянын […]

Ливанда гуманитардык кырдаал кооптуу деңгээлге жетти

Автор

Ливанда убактылуу өкмөттүн социалдык иштер министри Хектор Хаджар өлкөдө гуманитардык абал кырсыктын чегине жеткенин билдирди. “Ливандагы гуманитардык кырдаал кооптуу сыноого туш болду. Өкмөт бардык кыйынчылыктарга карабастан, колдон келген аракеттерин көрүүдө”,-деди Хаджар. Министр жардам көрсөтүүдө бир миллионго жакын качкындардын агымы чоң тоскоолдуктарды жаратып жатканын белгиледи. “Сириялык качкындардын лагерлерин таштап, борбордук райондорго […]

Украин аскерлери Угледар шаарынан кетти

Автор

Украин аскерлери Донецк облусунун түштүк-батышындагы Угледар шаарынан чыгып кетишти. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө айтылат. «Каршылаштын аракеттеринин натыйжасында шаардын курчоого алуу коркунучу жаралды. Жогорку командачылык жеке курамды жана аскердик техниканы сактоо максатында Угледардан бөлүктөрдү чыгарууга уруксат берди»,-деп айтылат билдирүүдө. Угледар стратегиялык жактан маанилүү шаар. Кышында согуш талаасындагы ыңгайлуу жай. […]