Россия Федерациясынын Коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортниковдун айтымында, «Крокус Сити Холлда» болгон теракттын аткаруучуларын атайын Россиядагы тажик диаспорасынан тартышкан. «Теракттын аткаруучулары «Вилаят Хорасан» мүчөлөрү экени так белгилүү болду. Алар Интернет аркылуу Россиядагы тажик диаспорасы менен максаттуу иш алып барган. Өздөрү Афганистанда болушкан»,-деди Бортников Астанада өткөн КМШ мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын […]
Дүйнө
Тайфундан көз жумгандардын саны 200дөн ашты
Жорджия жана Түндүк Каролина штаттарынын бийликтери “Хелен” тайфунунан көз жумгандардын саны жаңырганын кабарлады. АКШдагы жалпы курмандыктардын саны 200дөн ашты. “Хелен” 2005-жылы АКШны каптаган “Катрина” тайфунунан бери эң көп адам өмүрүн алган табигый кырсык болду. Жүздөгөн адамдар азыркыга чейин дайынсыз. 750 миңден ашуун үй жарыксыз калды. Жолдор жабылып, жабыркаган аймактарга жардам […]
Өзбекстан тарап Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги «Биз андан аркы эскалация кеңири аймакта коопсуздукка болгон коркунучтардын жана тобокелчиликтердин болуп көрбөгөндөй өсүшүнө, бүтүндөй эл аралык коомчулук үчүн күтүлбөгөн кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эсептейбиз»,-деп айтылат билдирүүдө. ТИМ каршылашкан тараптарды чектен чыкпоого жана чыңалууну мындан ары күчөтө турган аракеттерден карманууга чакырды. Билдирүүдө эл аралык нормаларга […]
Берлинде миңдеген адамдар тынчтык жүрүшүнө чыкты
Берлинде миңдеген адамдар Германиянын биримдик күнүндө тынчтык жүрүшүнө чыгышты. 3-октябрь күнү Берлинде миңдеген адамдар тынчтык үчүн жылдыздуу жүрүшкө катышышты. Иш-чарада негизинен Украинаны жана Израилди курал менен колдоого сын айтып, Москва менен Киевдин ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана Газадагы согушту токтотууну талап кылууга көңүл бурулду. Демонстрация ошондой эле Германияга орнотулган америкалык орто […]
Иран Израилден кийин АКШны эскертти
Иран Израилдин аймагына соккуларды жасагандан кийин АКШга кайрылып, аймактык согушту көздөбөй турганын, бирок мындан ары «бир тараптуу карманбай турганын» эскертти. ММКлардын маалыматы боюнча, Иран өз билдирүүсүн АКШнын жетекчилигине Катар аркылуу жеткирген. Анда Израилдин ар кандай чабуулуна Иран «өзгөчө» жооп кайтараары, анын ичинде Израилдин инфраструктуралык объектилери да бутага алынаары айтылган. 1-октябрга […]
Түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинин жыйыны өтүүдө
Астана шаарында түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинин Бешинчи жыйыны өтүп жатат. Жыйынга Казакстандын муфтийи Наурызбай Таган уулу, Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров, Түркиянын дин иштери боюнча министри Али Эрбаш, Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы Аллашүкүр Паша-Заде, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы Нуриддин Халыкназар, Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов жана башкалар […]