БУУнун күчтөрү Ливандагы позицияларында кала берет

Автор

БУУнун убактылуу күчтөрү (UNIFIL) Израиль армиясынын бир катар калктуу конуштардан кайра жайгашуу сунушуна карабастан, Түштүк Ливандагы өз позицияларында кала беришет. Бул тууралуу тынчтык орнотуучу күчтөрдүн расмий өкүлү Андреа Тененти билдирди. “Тынчтык орнотуучулар бардык позицияларда кала беришет жана БУУнун туусу желбиреп турат. Биз иш-аракеттерибизди дайыма тууралап турабыз. Бизде өзгөчө кырдаалдар үчүн […]

Путин Тажикстандын президентине телеграмма жөнөттү

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктап, телеграмма жөнөттү. Анда ал Рахмон менен жакынкы күндөрү Москвада жолугарын айтты. «Россия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты бекемдөөгө, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ алкагында өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган үзгүлтүксүз аракеттериңизди жогору баалайт»,-деп жазды орус президенти. Эмомали […]

Иран Россиядан Израилдин спутниктик сүрөтүн сурадыбы?

Автор

Иран Россияга Израилдин аймагына спутниктен чалгындоо маалыматтарын берүү өтүнүчү менен кайрылганы айтылууда. Бул тууралуу The New York Times америкалык басылмасы эки жогорку кызматтагы ирандык аткаминерге шилтеме берүү менен кабарлоодо. Америкалык басылманын маалыматына ылайык, ирандык аскер кызматкерлери Израилдин жооп кайтаруу соккулары жөнүндө билдирүүлөрүнө байланыштуу россиялык кесиптештеринен Израилдин аймагына спутниктик чалгындоо маалыматтарын […]

“Чегинбейм”: Wildberries компаниясынын тең ээси аялына 350 миллиард рубль доо койду

Автор

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү жана тең ээси Владислав Бакальчук жубайы Татьяна Бакальчукка жана анын бизнес өнөктөштөрүнө каршы 350 миллиард рубль суммасына доо арыз бергенин билдирди. Бул тууралуу ал Telegram-каналында жазып, Москванын арбитраждык сотуна берилген доо арызынын биринчи барагын көрсөттү. Бакальчуктун айтымында, доо компаниянын негизги активдери, анын ичинде кампалар, логистика, банк, товардык […]

ФСБ: Талибанды террористтердин тизмесинен чыгаруу иштери аяктап жатат

Автор

Россиянын коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйынында Россияда «Талибан» кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгаруу иштери аяктап жатканын билдирди. Александр Бортниковдун айтымында, афган бийлигинин аракеттери өлкөдө тартип жана туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзүүдө. «Биз атайын кызматтар ортосунда кызматташтыкты орнотуу эки тарапка тең […]

ФСБ: Крокустагы теракттын күнөөкөрлөрү Россиядагы тажик диаспорасынан тартылган

Автор

Россия Федерациясынын Коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортниковдун айтымында, «Крокус Сити Холлда» болгон теракттын аткаруучуларын атайын Россиядагы тажик диаспорасынан тартышкан. «Теракттын аткаруучулары «Вилаят Хорасан» мүчөлөрү экени так белгилүү болду. Алар Интернет аркылуу Россиядагы тажик диаспорасы менен максаттуу иш алып барган. Өздөрү Афганистанда болушкан»,-деди Бортников Астанада өткөн КМШ мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын […]