Экс-президенттин акчасын уурдап кетишти

Автор

Түркиянын экс-президенти Абдуллах Гүл жубайы Хайрүнниса Гүл менен Лондрага барып, кайткан учурда аба майданында акчасын уурдатып жиберген. Анын басма сөз кызматы Бирол Авшар “акча Хайрунниса Гүлдүн чөнтөгүндө болгон. Аны Англия полициясы уурдап алды. Биз тийиштүү органдарга дароо билдирдик”,- деди. Окуяга байланыштуу англиянын ИИМи териштирүү иштерин баштады.

Ал жеңиши керек: Илон Маск эң маанилүү штаттардын бирине Трампты коштоп келди

Автор

АКШнын Республикалык партиясынан президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоо алдындагы митингин улантуу үчүн Пенсильвания штатындагы Батлер шаарына кайтып келди. Буга чейинки митинг 13-июлда өтүп, ага кол салуу менен аяктаган. Бул ирет митингде Х социалдык тармагынын ээси Илон Маск чыгып сүйлөп, чогулгандарды 5-ноябрдагы шайлоодо Трампты колдоого чакырды. Бул шайлоо кампаниясы Трампка Пенсильваниянын […]

Telegram Ютубга окшош платформа түзөт

Автор

Telegram өзүнүн мессенджеринде Ютубга окшош платформа түзөт. Бул тууралуу «Telegram Contests» каналында кабарланды. Компания iOS иштеп чыгуучулары үчүн видеохостинг түзүү боюнча сынак жарыялады. Ал 25-октябрга чейин уланат. Сынактын жыйынтыгы ноябрда чыгарылат. Байге фонду 50 миң долларды түзөт.

АЭС боюнча референдумга добуш берүү аяктады

Автор

6-октябрда Казакстанда саат 20:00дө АЭС боюнча референдумга добуш берүү аяктады. Саат 18:00гө карата өлкөдө 7 537 675 адам добуш берди. Катышуу 61,56 пайызды түздү. Добуш бергендердин саны боюнча алдыңкы үчтүккө Кызылорда облусу – 79,87 пайыз, Түркестан облусу – 74,23 пайыз, Чыгыш Казакстан облусу – 72,58 пайыз менен кирди. Буга чейин […]

Токаев АЭС куруу боюнча референдумда добуш берди

Автор

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча республикалык референдумда добуш берди. Бүгүн, 6-октябрда Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча республикалык референдум өтүүдө. Референдумда казакстандыктар өлкөгө атомдук электр станциясынын керек же керек эмес экенин чечиши керек. Анда «Сиз Казакстанда атомдук электр станциясын курууга макулсузбу?» деген суроого Казакстандыктар «ооба» же […]

Макрон Израилге курал жеткирүүнү токтотууга чакырды

Автор

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилге Газа секторундагы согуш үчүн колдонулушу мүмкүн болгон куралды жеткирүүнү токтотууга чакырды. “France Inter” радиостанциясынын эфиринде ал 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын Израилге жасаган террордук чабуулунан улам келип чыккан аскердик жаңжал «саясий жол менен чечилиши» керектигин айтты. «Менимче, бүгүнкү артыкчылык Газа аймагындагы согуштук аракеттер үчүн курал жеткирүүнү токтотуу […]