Ливандын куралдуу күчтөрү Израил менен болгон түштүк чек араларда жайгашып, Израилдин агрессиясына мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында каршы турууга даяр экенин армиянын билдирүүсүндө айтылат. “Биздин күчтөр мекенибиздин бүт аймагында, анын ичинде түштүк чек араларда жайгашкан. Биз өз жерибизди мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чегинде коргоого даярбыз”,-деп жазылган билдирүүдө. Ошондой эле армиянын командачылыгы ок атышууну токтотуу боюнча дипломатиялык […]
Дүйнө
АЭС куруу боюнча референдумдун жыйынтыгы чыкты
Борбордук референдум комиссиясы Казакстанда АЭС куруу боюнча республикалык референдумдун акыркы жыйынтыктарын жарыялады. Референдумдун жыйынтыгында АЭС курууга 5 561 937 жаран же добуш бергендердин 71,12 пайызы колдоо көрсөтүштү. 2 045 271 казакстандык «жок» деген жоопту берди. 130 267 бюллетень жараксыз деп табылды. Референдумга катышкан казакстандыктардын саны 7 820 204 адамды же […]
Москвада КМШнын саммити өтөт
Жыйынга Азербайжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары катышат. Иш-чара Россиянын президенти Владимир Путиндин төрагалыгында өтөт. Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков саммиттин күн тартиби тууралуу айтып берди. «Күн тартибинин долбоору он төрт маселени камтыйт. Мамлекет башчылары КМШ алкагында быйылкы жылдагы кызматташуунун жыйынтыгын чыгарып, 2025-жылга карата […]
Камала Харрис Иранды АКШнын каршылашы деп атады
АКШнын президенттигине талапкер Камала Харрис CBS News телеканалына берген маегинде Американын каршылаштарынын ичинен кайсынысы негизги деген суроого жооп берди. “Менимче, бул ачык эле Иран”,-деди Харрис. Ал ошондой эле шайлоодо жеңип чыкса, анын саясатынын башкы артыкчылыгы Иранга өзөктүк курал алууга жол бербөө болорун кошумчалады. АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт. Бул […]
Путин менен Эрдоган БРИКС саммитинде өзүнчө жолугушууну макулдашты
Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда Түркия президенти Казанда өтө турган БРИКС саммитинде Владимир Путин менен өзүнчө жолугушууга даяр экенин тастыктады. Россия президентинин администрациясы билдиргендей, эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу мамилелерди, глобалдык жана аймактык маселелерди, айрыкча Жакынкы Чыгыштагы кооптуу жаңжалды талкуулашты. […]
Чоң жолдо төрт жүк ташуучу, жети жеңил унаа кагышты
Москванын жанында М-2 “Крым” трассасында төрт жүк ташуучу унаа жана жети жеңил унаа кагылышты. Кырсык тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусу боюнча башкармалыгы Telegram-каналында билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык автожолдун 103-чакырымында, Серпухов шаардык округунда болгон. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу үч жүк ташуучу унаа жана жети жеңил унаа менен кагылышкан. […]