Трамп Харрис менен дебаттан баш тартканынын себебин айтты

Автор

АКШнын мурдагы лидери жана Республикалык партиянын президенттикке талапкери Дональд Трамп вице-президент Камала Харрис менен кайрадан дебаттарга катышпай турганын айтты. Анын айтымында, Харрис АКШнын учурдагы президенти Жо Байдендин саясатын өзгөртпөй турганын ачык билдирген. Экс-президенттин ою боюнча бул мындан аркы дебаттарды маанисиз кылат. Трамп ошондой эле азыркы учурда сурамжылоолордо алдыда экенин жана […]

«Хезболла» Израилдин аймагына 360 снаряд атты

Автор

Ливандын “Хезболла” кыймылы Израиль тарапка 360 снаряд атканын Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) өзүнүн телеграм-каналында маалымдады. Маалыматка ылайык, 220 снаряд Израилдин аймагына тийген. “Бүгүнкү күндө 9-октябрда саат 23:00гө карата Ливандан “Хезболла” террордук уюму тарабынан атылган болжол менен 220 снаряд Израилге тийген. Жалпысынан “Хезболла” Израилдин аймагына 360 снаряд аткан”,-деп билдирет аскерлер.

25 жашка чейинки украиналыктарды мобилизациялоого тыюу салынды

Автор

Украинанын Жогорку Радасы 18ден 25 жашка чейинки кээ бир украиналыктарды мобилизациядан бошотуучу мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу Раданын депутаты Алексей Гончаренко билдирди. Мыйзамды кабыл алуу үчүн 9-октябрдагы жыйында 311 депутат добуш берген. Мыйзам саламаттыгына байланыштуу тынч мезгилде аскердик кызматка жараксыз жана согуш учурунда чектелүү түрдө жарактуу деп табылган аскерге милдеттүүлөргө […]

Парламенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 16-23-октябрда өтөт

Автор

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнү жашаган жеринде болбой турган жарандар үчүн 16-23-октябрь күндөрү мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүүнү бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдады. Ал күндөрү шайлоо участокторунда добуш берүү жумуш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дем алыш күндөрү саат 11:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Өзбекстандын […]

Түрк аба жолдорунун учкучу учуу учурунда көз жумду

Автор

Tүрк аба жолдору авиакомпаниясынын учкучу Илчехин Пехливан Сиэтл – Стамбул каттамында баратып көз жумду. Бул тууралуу ишкананын өкүлү Яхъя Устүн Х социалдык тармагындагы баракчасында жазды. Каттамдын командири Ильчехин Пехливан Airbus 350 учагын башкарган. «Пилот учуу учурунда эсин жоготту. Биринчи медициналык жардам натыйжа берген жок. Ошондо учактын экипажы авариялык конуу чечимин […]

Химия боюнча Нобель сыйлыгынын ээлери белгилүү болду

Автор

Швециянын Королдук Илимдер Академиясы химия боюнча 2024-жылдагы Нобель сыйлыгынын ээлерин жарыялады. Химия боюнча Нобель сыйлыгын укмуштуудай белок структураларынын кодун талкалашкан окумуштуулар Дэвид Бейкер, Демис Хассабис жана Джон М.Жампер алды. Аларга эсептөөчү протеинди долбоорлоо жана структурасын болжолдоо 5.4. экендигин аныктагандыгы үчүн ыйгарылган. Лауреаттардын изилдөөлөрү медицина жана биохимиянын өнүгүшүнө жаңы келечектерди ачат. […]