Казакстанда Telegram мессенжеринин өкүлчүлүгү ачылат. Бул тууралуу республиканын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. «Биздин мыйзамдарга ылайык, Telegram, WhatsApp жана TikTok сыяктуу Интернет платформалар эми Казакстанда өз өкүлдөрүнө ээ болууга милдеттүү. Telegram менен алардын өкүлүн дайындоо жана кеңсе ачуу боюнча макулдашууга жетишилди – бул […]
Дүйнө
Квадробик балдардын ата-энелери айыпка жыгылат
Өзбекстандын ИИМи балдардын квадробикага кызыгуусу ата-энелердин өз милдеттерин аткарбаганы катары караларын билдирди. Анда бул берене боюнча айып пул 1,8 миллион сумга ($150) жетерин эскертишкен. «ИИМ урматтуу ата-энелерди өздөрүнүн моралдык милдетин жана балдарын ар тараптуу тарбиялоо боюнча юридикалык жоопкерчилигин аткарууга чакырат. Мындай субкультуранын көрүнүштөрү ата-энелердин өз милдеттерин аткарбагандыгы катары бааланат»,-деп айтылат […]
Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларды баштады
“Кытай негизги портторду жана райондорду тосуу жана көзөмөлгө алуу боюнча машыгуу өткөрүүнү көздөп жатат”,-деп билдирди Кытай армиясынын Чыгыш аскердик командачылыгынын расмий өкүлү Ли Си. Ли Си машыгуулар учурунда кемелер жана учактар Тайванга ар кандай багыттардан жакындап, ар түрдүү сокку күчтөрү менен биргелешкен чабуул жасоо боюнча маневрлерди жүргүзө турганын билдирди. «Бул […]
Өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин Улуттук гвардия киргизилди
Казакстандын Улуттук гвардиясы Талгар шаарынын көчөлөрүн күзөтүп жатат. Октябрь айынын башында шаарда жаңжалдан улам өспүрүм каза болгон. Эми бир нече күндөн кийин анын үй-бүлөсүнө тиешелүү үй өрттөнүп кетти. Улуттук гвардиянын маалыматы боюнча, аскерлердин иши «коопсуздукту камсыз кылууга жана коомдук тартипти сактоого багытталган». 16 жаштагы өспүрүм 4-октябрга караган түнү бычактан жаракат […]
Гутерриш: Тынчтык орнотуучуларга кол салуу эл аралык укукту бузат
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Ливандын түштүгүндөгү тынчтык орнотуучулар жабыркаган чабуулдарды айыптады. «Тынчтык орнотуучуларга кол салуулар эл аралык мыйзамды, эл аралык гуманитардык укукту бузат. Булар согуш кылмыштары болушу мүмкүн»,-деп айтылат Гутерриштин билдирүүсүндө. Баш катчы БУУнун кызматкерлеринин жана мүлкүнүн коопсуздугу камсыздалышы керек экенин жана мекеменин жайларына кол тийгис болушу бардык шарттарда […]
АКШ өзөктүк куралды кыскартуу боюнча сүйлөшүүгө даяр
АКШ президенти Жо Байден дүйнө өзөктүк арсеналды толук жоюуга умтулуусу керектигин билдирди. Ал АКШнын Россия, Кытай жана Түндүк Корея менен бул багытта сүйлөшүүлөргө даяр экенин тастыктады. “Биз дүйнөнү өзөктүк куралдан биротоло жана түбөлүк арылтуучу күнгө карай алдыга жылышыбыз керек. Кошмо Штаттар алдын ала шарт койбостон, Россия, Кытай жана Түндүк Корея […]