Катар эмири Израилди аскердик операцияларды атайылап кеңейткенге айыптады

Автор

Катар эмири Тамим бин Хамад Аль Тани Израилди Иордан дарыясынын Батыш жээги жана Ливанда агрессиясын атайлап кеңейтүүгө айыптады. «Израил башка жерлерде, мисалы, Иордан дарыясынын Батыш жээги жана Ливан сыяктуу, алдын ала даярдалган пландарды ишке ашырып, агрессиясын атайлап кеңейтүүнү чечти»,-деди Аль Тани Меджлис Аш-Шуранын жаңы сессиясынын ачылышында сүйлөп жатып. Ал «Ливанга […]

Пакистанда ШКУга мүчө мамлекеттердин жыйыны өтөт

Автор

Пакистанга Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин эки күндүк 23-жыйынына катышуу үчүн өлкөлөрдүн өкмөт башчылары же уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары келет. Иш-чаранын күн тартибине регионалдык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн социалдык-маданий байланыштарын чыңдоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери киргизилет. Делегациялардын келиши 15-октябрга күтүлүүдө. […]

НАСАнын станциясы Юпитерге жашоо издеп кетти

Автор

Дүйшөмбү күнү Флоридадагы Канаверал ракеталык аянтчасынан Europa Clipper деп аталган оор космос станция старт алды. Ал Юпитердин спутниги тарапка жашоо издөө максатында барат. Окумуштуулардын ою боюнча, Юпитердин спутнигинин муз каптаган бетинин астында жердеги океандардан эки эсе чоң океан бар. Ал жакта жашоо болушу мүмкүн. Europa Clipper Юпитерге жол тартып, жолдо […]

Министр мигранттардын эркин кирүүсүнө тыюу салууну сунуштады

Автор

Россиянын Эмгек министри Антон Котяков мигранттардын өлкөгө эркин кирүүсүнө тыюу салууну сунуштады. Ал министрлик ИИМ менен биргеликте өлкөгө эмгек мигранттарын тартуунун учурдагы системасын реформалоо варианттарын карап жатканын билдирди. «Ведомости» гезитине берген маегинде Россия мигранттар үчүн эркин кирүүнү токтотуп, андан да «цивилизациялуу моделди» колдоно аларын айтты. Котяковдун пикиринде, учурдагы модель бизнес […]

Түндүк Корея Түштүк Корея менен чек арадагы жолдорду жардырды

Автор

Түндүк Кореянын аскерлери түштүк тараптагы Чосон жарым аралын байланыштырган жолдордун бөлүктөрүн жардырды. Бул тууралуу «Ренхап» агенттиги билдирди. 14-октябрда штаб башчыларынын биргелешкен комитети Түндүк Кореянын чек арадагы жолдорду жарууга даярданып жатканын кабарлаган. Андан бир аз мурда Түндүк Корея Түштүк Корея менен болгон автожол жана темир жолдорду жаап, чек араны «чепке айландыруу» […]

Нетаньяху Байденге Иранга кол салуу пландарын айтты

Автор

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Ирандын өзөктүк же мунай объектилерин эмес, аскердик объектилерин соккуга алууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу The Washington Post жазды. Биньямин Нетаньяху сүйлөшүү учурунда жооп катары чабуул АКШда ноябрда өтө турган президенттик шайлоого таасир этпеши үчүн кылдаттык менен […]