Казакстанга БРИКСке кирүү боюнча сунуш түшкөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди. «Президентке Казакстанды БРИКСке киргизүү боюнча сунуштар түшкөн. Бул сунуштарды мамлекет башчысы кылдат карап чыгып, анын тапшырмасы боюнча тиешелүү мекемелер Казакстандын улуттук кызыкчылыктарынын негизинде анализдеп жатышат. Ошону менен бирге жакын арада Казакстан БРИКСке кирүү үчүн арыз […]
Дүйнө
Россияда катуу суук башталды
Якутияда быйылкы суук мезгил башталгандан бери биринчи жолу температура 30 градуска чейин төмөндөдү. Мындай көрсөткүч Якутиянын Усть-Янск улусундагы Депутатский шаар тибиндеги айылда катталган. Мурда синоптиктер Якутиянын түндүк-чыгышында 16, 17 жана 18-октябрь түндөрү 30 градуска жеткен сууктар болорун билдиришкен. Региондун түндүгүндө суук 18 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Бул күндөрү аймактын бардык […]
ДССУ: Ливанда чабуулдардан 72 медицина кызматкери жана бейтап көз жумду
2024-жылдын 17-сентябрынан тартып Ливанда чабуулдардын натыйжасында 23 саламаттык сактоо объектиси жабыркаган. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына караганда 72 адам көз жумса, 43 адам жаракат алды. Сөз медицина кызматкерлери жана бейтаптар жөнүндө болуп жатат. 15 учур медициналык мекемелерге, 13 учур медициналык транспортко тийиштүү. Билдирүүдө айтылгандай, Ливандагы кагылышуулардын күчөшү өлкөнүн түштүгүндө […]
Казакстан жарандыгын алуу үчүн казак тилин билүү зарыл
Казакстанда жарандык алуу үчүн казак тилин белгилүү бир деңгээлде билүүнү талап кылган жаңы мыйзам күчүнө кирди. Казакстан Республикасынын Билим берүү министринин “Казакстан Республикасынын жарандыгын алуу же жарандыгын калыбына келтирүү учурунда мамлекеттик тилдин элементардык деңгээлде билими, Казакстан Республикасынын Конституциясынын негиздери жана Казакстандын тарыхы боюнча билимдер боюнча буйругу” 12-октябрда күчүнө кирди. Документке […]
Илон Маск Трампты колдоого 75 миллион доллар жумшады
Илон Маск июлдан сентябрга чейин Трампты колдоо комитетине 75 миллион доллар салды Ишкер Илон Маск АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптын шайлоо кампаниясын колдогон America PAC саясий иш-аракеттер комитетине 75 миллион доллар салган. Комитеттин отчетуна ылайык, SpaceXтин негиздөөчүсү 3-июлдан 5-сентябрга чейин уюмдун жалгыз донору болгон. Бул аралыкта ал жети жолу каражат […]
АКШ армиясы россиялык Ми-17 тик учагын колдонду
АКШ армиясынын атайын операциялар боюнча командачылыгы машыгууларда россиялык өндүрүштөгү Ми-17 тик учагы колдонулганын билдирди. “Бул жөн гана машыгуу. Коопсуздук кызыкчылыгына байланыштуу биз анын чоо-жайын ачыкка чыгара албайбыз”,-деп билдирди АКШнын атайын операциялар боюнча командачылыгы. Буга чейин америкалык ММКлар Түштүк Каролина штатындагы аэропортто россиялык өндүрүштөгү тик учакты байкашканын жазышкан.