Зеленский Радада «жеңиш планын» сунуштады

Автор

Украина президенти Владимир Зеленский Жогорку Радада өзүнүн «жеңиш планын» сунуштады. Ал депутаттарга «жеңиш планы» «тынчтык саммитине көпүрө» болорун айтты. Анын жардамы менен согуштук аракеттерди 2025-жылдан кечиктирбей аяктоого болорун кошумчалады. План төмөнкү пункттардан турат: Согуш бүтө электе эле Украинаны НАТОго чакыруу. Россиянын аймагында операцияларды улантуу жана анын аймагына соккуларга чектөөлөрдү алуу. […]

Түндүк Корея Түштүк Корея менен каттамдарды толугу менен үздү

Автор

Түндүк Кореянын бийлиги өлкөнүн түштүк чек арасындагы чыгыш жана батыш райондорунда Түштүк Корея менен темир жол жана транспорттук каттамдарды толук үзүү чараларын кабыл алды. Борбордук телеграф агенттигинин билдирүүсүнө үч жарылуунун сүрөттөрү тиркелген. Түндүк Кореянын бийлиги кабыл алынган чараларды өлкөнүн конституциясы Түштүк Кореяны «абдан душман мамлекет» деп тааный турганы менен түшүндүрүштү.

17-октябрь: Туруксуз аба ырайы сакталат

Автор

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр карга айланат. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 18-23 метрге чейин жетет. Өрөөндөрдө абанын температурасы -3…-5 градуска […]

Түркияда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Автор

Түркиянын чыгышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Европа-Жер Ортолук сейсмологиялык борборунун маалыматына ылайык, эпицентри Малатия шаарынан 44 чакырым чыгышта, 10 чакырым тереңдикте болгон. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы (AFAD) жер титирөөнүн күчүн 5,9 балл деп баалап, Малатия, Диярбакыр, Элязыг аймактарында сезилгенин билдирди. Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая X […]

Казакстан БРИКСке чакырылды

Автор

Казакстанга БРИКСке кирүү боюнча сунуш түшкөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди. «Президентке Казакстанды БРИКСке киргизүү боюнча сунуштар түшкөн. Бул сунуштарды мамлекет башчысы кылдат карап чыгып, анын тапшырмасы боюнча тиешелүү мекемелер Казакстандын улуттук кызыкчылыктарынын негизинде анализдеп жатышат. Ошону менен бирге жакын арада Казакстан БРИКСке кирүү үчүн арыз […]

Россияда катуу суук башталды

Автор

Якутияда быйылкы суук мезгил башталгандан бери биринчи жолу температура 30 градуска чейин төмөндөдү. Мындай көрсөткүч Якутиянын Усть-Янск улусундагы Депутатский шаар тибиндеги айылда катталган. Мурда синоптиктер Якутиянын түндүк-чыгышында 16, 17 жана 18-октябрь түндөрү 30 градуска жеткен сууктар болорун билдиришкен. Региондун түндүгүндө суук 18 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Бул күндөрү аймактын бардык […]