Түркияда жер титирөөдө 187 адам жаракат алды

Автор

Түркиянын Малатья аймагында болгон жер титирөөдө 187 адам ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая билдирди. “Үч имарат жарым-жартылай урады. Жабыркаган 43 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө”,-деди министр. Түркияда 16-октябрда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Малатия шаарынан 47 чакырым чыгышта жайгашкан. Жер титирөөдөн […]

Рамштайн форматындагы жолугушуу виртуалдык түрдө өтөт

Автор

АКШ президенти Жо Байден ноябрда Украина боюнча мамлекет башчысынын деңгээлинде виртуалдык жолугушуу өткөрөрүн Ак сарай билдирди. Иш-чара 12-октябрда өтүшү керек болчу. Бирок Вашингтон бороондон улам аны жылдырган. Рамштайн форматындагы жолугушууда Украинага жардам көрсөтүү маселесин координациялоону талкуулоо пландалууда. Ошону менен катар Зеленский Байденге “жеңиш планы” тууралуу маалымат берет.

Харрис башкаруусу Байдендикинен айырмаланарын айтты

Автор

АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер, өлкөнүн вице-президенти Камала Харрис Fox News телеканалына берген маегинде шайлоодо жеңишке жетсе, анын башкаруусу учурдагы президент Жо Байдендикинен айырмаланарын билдирди. «Так айтайын. Менин башкаруум Жо Байдендин президенттигинин уландысы болбойт. Ар бир жаңы президент кызматка киришкенде, өзүнүн жашоо жана кесиптик тажрыйбасын, идеяларын алып келет»,-деди Харрис.

Эми телефон номерлери өкмөт аркылуу берилет

Автор

Казакстанда телефон номерлерин берүү ишин мамлекеттик портал аркылуу жүргүзүү пландалууда. Өлкөнүн санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министринин орун басары Асхат Оразбектин айтымында, бул чара телефондук алдамчылыкка каршы туруу максатын көздөйт. Казакстандын санариптик өнүгүү министрлиги тиешелүү мыйзамдык демилгени жакын арада сунуштайт. «Биз номердик планды мамлекетке кайтарып беребиз. Жарандар мобилдик […]

Песков: Путиндин ден соолугунда көйгөйлөр жок

Автор

Россиянын президенти Владимир Путиндин ден соолугу боюнча көйгөйлөрү жок. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Путин өкмөт менен өткөн жыйында сасык тумоо боюнча вакцинациялоо талкууланган учурда, Борбордук клиникалык ооруканада дайыма медициналык текшерүүдөн өтөрүн айтканы суроолорду пайда кылган. Песков белгилегендей, Путиндин клиникага баруусу кадимки профилактикалык максатта өткөрүлүүчү текшерүүлөр. Мурда […]

Зеленский Радада «жеңиш планын» сунуштады

Автор

Украина президенти Владимир Зеленский Жогорку Радада өзүнүн «жеңиш планын» сунуштады. Ал депутаттарга «жеңиш планы» «тынчтык саммитине көпүрө» болорун айтты. Анын жардамы менен согуштук аракеттерди 2025-жылдан кечиктирбей аяктоого болорун кошумчалады. План төмөнкү пункттардан турат: Согуш бүтө электе эле Украинаны НАТОго чакыруу. Россиянын аймагында операцияларды улантуу жана анын аймагына соккуларга чектөөлөрдү алуу. […]