ЕБ Россия менен чек аралардын коргоону шашылыш талкуулоодо

Автор

Европа Биримдиги (ЕБ) Россия жана Беларусия менен чектеш өлкөлөр чек араларын коргоо үчүн кабыл ала турган шашылыш чараларды талкуулай баштады. Бул тууралуу Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен билдирди. Ал Польша, Балтика өлкөлөрү жана Финляндия тууралуу сөз болуп жатканын, бул өлкөлөр чек араларында миграциялык көзөмөлдү күчөтөрүн айтты. Мыйзамсыз миграция […]

Макрон Израилди операцияларды токтотууга чакырды

Автор

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Европа Биримдигинин саммитинин жыйынтыгындагы басма сөз жыйынында Израилге Газа менен Ливандагы операцияларын токтотууну өтүндү. Ал Израилди саясий диалогго өтүүгө чакырды. “Франция Израилди Ливандагы аскердик операцияларын токтотууга, кургактык операциясын баштабастан өлкөнүн эгемендигин урматтоого, ошондой эле БУУ алдындагы өз милдеттенмелерин, өзгөчө, UNIFIL тынчтык орнотуучуларына карата милдеттенмелерин аткарууга чакырат”,-деди […]

Еврокеңеш Грузиянын ЕБге кирүүсү токтотулганын тастыктады

Автор

Еврокеңеш Грузия өкмөтүнүн аракеттери европалык баалуулуктарга жана принциптерге карама-каршы келээрин белгилеп, өлкөнүн Евробиримдикке кирүү процесси токтотулганын билдирди. Бул тууралуу Брюсселде өткөн саммиттин жыйынтыгында жарыяланган Еврокеңештин билдирүүсүндө айтылган. «Еврокеңеш мындай кадамдар Грузиянын европалык жолун коркунучка алып келет»,-деп айтылат билдирүүдө. Грузиянын Батыш өлкөлөрү менен болгон мамилеси май айында грузин парламенти чет элдик […]

Израил ХАМАС лидери Синварды жок кылганын билдирди

Автор

Израилдин Коргоо армиясы ХАМАСтын палестиналык кыймылынын лидери Яхья Синвардын Газа секторунда жок кылынганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Синвардын денеси бейшемби күнү табылып, анын өздүгү ДНК тестинен кийин тастыкталган. Синвар 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулунун негизги уюштуруучусу жана идеологу катары эсептелет. 2017-жылдан бери ал ХАМАСтын Газа секторундагы бөлүмүн жетектеген. 2024-жылдын […]

Хезболла Израил менен тирешүүнүн жаңы этабын жарыялады

Автор

Ливандык “Хезболла” кыймылы Израил менен согушта жаңы деңгээлдеги эскалацияга өткөнүн жарыялады. “Каршылык көрсөтүүчү операциялар штабы Израил менен каршылашууда жаңы деңгээлдеги эскалацияга өткөнүн жарыялайт. Алдыдагы аракеттер аны айкын көрсөтөт”,-деп жазылган кыймылдын Telegram-каналындагы билдирүүсүндө. “Хезболланын” басма сөз кызматы душмандын жоготуулары тууралуу маалымдады. Алардын айтымында, Израилдин коргонуу күчтөрү (ЦАХАЛ) болжол менен 55 кишиден […]

Венгрия Зеленскийдин “жеңиш планын” колдобойт

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТО өлкөлөрүн Россия менен аскердик кагылышууга тартууну каалайт, деп билдирди Венгриянын премьер-министринин саясий кеңешчиси Балаж Орбан. Ал Венгриянын бийликтери Зеленский сунуштаган “жеңиш планын” колдобой турганын айтты. «Венгрия бул жеңиш планын колдой албайт. Пландын бир бөлүгү НАТО өлкөлөрүнүн жаңжалга активдуу тартуу. Тескерисинче, стратегияны өзгөртүп, байланышты калыбына келтирип, […]