Үч суткадан бери электр жарыгы жок калган Кубага «Оскар» ураганы жетти. Катуу шамал, бороон жана нөшөрлүү жаан-чачын аралдын чыгыш бөлүгүндө болду. Буга чейин Кубанын Метеорология кызматы өлкөнүн чыгышында «өтө кооптуу абал» тууралуу эскерткен. Ураган Кубанын чыгышында жана Багам аралдарынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жээкти каптаган чоң суу ташкынына алып келиши мүмкүн. Синоптиктер […]
Дүйнө
Бразилиянын президенти БРИКС саммитине барбайт
Бразилиянын президенти Лула да Силва Россияга БРИКС саммитине барбайт. Дарыгерлер 78 жаштагы президенттин баш мээсинин арткы бөлүгүнөн жаракат алганын аныкташты. 19-октябрь кечинде Лула да Силва өзүнүн резиденциясы – Алворада сарайында ваннада жыгылып, Бразилиядагы Сирио-Либанес ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер анын башына үч тигиш койгон соң, амбулатордук дарыланууга чыгарган. Ошондой эле Россияга сапарга […]
Зеленский АКШдагы шайлоодон кийин эмне болорун айтты
АКШдагы шайлоолор аяктагандан кийин Украинадагы жаңжал боюнча үч сценарий бар. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский The Financial Times басылмасына берген маегинде билдирди. Ал АКШдагы шайлоолордон кийин бизге эмне сунушташарын билбейм деди. Украина президентинин ою боюнча, сценарийлердин бири колдоонун улантылышы. Бирок союздаштар кээ бир тобокелдиктерден коркуп жатышат. Зеленский кошумчалагандай, калган […]
БУУ: Дүйнөдө 1,1 миллиард адам өтө жакыр шарттарда жашайт
1,1 миллиард адам дүйнөдө өтө жакыр шарттарда жашайт, алардын жарымы согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдүн жарандары экенин БУУ маалымдайт. Бул маалыматтар 112 өлкөнүн он жылдык статистикасына негизделген. Баяндамада согуш абалындагы өлкөлөрдө орто эсеп менен калктын 34,8 пайызы жакырчылыкта жашаганы, ал эми тынч өлкөлөрдө бул көрсөткүч 10,9 пайызды түзөрү белгиленген. «Акыркы жылдары […]
Кубада электр энергиясы толугу менен өчтү
10 миллиондон ашык адам жарыксыз калды. Өлкөнүн электр системасындагы өзгөчө кырдаал Матансас шаарындагы Антонио Гутьерас атындагы Кубанын эң ири ЖЭБинин иштен чыгышынан улам болду. Бул тууралуу Кубанын Энергетика жана тоо-кен өнөр жай министрлиги маалымдады. Адистер электр энергиясын калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Бул үчүн канча убакыт талап кылынары азырынча белгисиз. […]
Путин: Жеңиш биз тарапта болот
Россия армиясы эң жогорку технологиялуу армиялардын бири гана болбостон, эң күчтүү жана согуштук даярдыктагы армиялардын бирине айланууда. Бул тууралуу 18-октябрда Россиянын президенти Владимир Путин БРИКСке мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилеринин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Жолугушуу Казанда өтө турган саммиттин алдында болду. «НАТО биз менен украиналык аскерлердин колу менен […]