Kan: Учкучсуз учак Израилдин премьер-министринин бөлмөсүнө тийген

Автор

Ливандын «Хезболла» кыймылы тарабынан 19-октябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун резиденциясына карай учурулган дрон анын үйүнүн уктоочу бөлмөсүнүн терезесине тийип, зыян келтиргенин Израилдин мамлекеттик Kan радиостанциясы кабарлады. Чабуул маалында эч ким жабыркаган жок. Нетаньяху үйүндө болгон эмес. Kan радиостанциясынын маалыматына ылайык, ошол күнү резиденцияга карай эки дрон учурулган, алардын бири Кесариядагы […]

АКШ президенти Жо Байден Дональд Трампты камоону сунуштады

Автор

АКШ президенти Жо Байден Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трампты «саясий жактан камоого» чакырды. Ал Дональд Трамптын бийликке келүү мүмкүнчүлүгүнүн кесепеттерин ойлонуу зарылдыгын сунуштады. «Биз аны камашыбыз керек. Саясий жактан камашыбыз керек. Аны жок кылышыбыз керек»,-деди Байден Нью-Гэмпшир штатындагы демократтардын иш-чарасында. Анын сөзүн Fox News телеканалы түз эфирде көрсөткөн. «Биздин […]

БУУ Украина калкы 10 миллионго кыскарганын жарыялады

Автор

БУУнун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Флоренс Бауэр Украинадагы согуштук аракеттер өлкөдөгү төрөттүн кескин төмөндөшүнө алып келгенин билдирди. Анын айтымында, 2014-жылдан бери Украинанын калкы 10 миллиондон ашык адамга азайган. 2022-жылдын февралынан бери 8 миллионго кыскарган. «Төрөт деңгээли төмөндөп кетти. Бул Европадагы эң төмөнкү деңгээл жана дүйнөдөгү эң […]

Судан бийлиги атып түшүрүлгөн Ил-76 учагынын өлкөсүн аныктоо үчүн комиссия түздү

Автор

Судандык “Ыкчам аракеттер күчтөрү” атып түшүрүлгөн Ил-76 учагынын кайсы мамлекетке тиешелүү экенин аныктоо үчүн комиссия түзүштү. Бул тууралуу ыкчам күчтөрдүн кол башчысынын кеңешчиси Аль-Баша Табик билдирди. “Учакты идентификациялап, анын кайсы мамлекетке тиешелүү экенин жана анын ичинде кимдер болгонун аныктоо үчүн комиссия түзүлдү”,-деди Табик. Жүк ташуучу учак 21-октябрда түнкү үчтөрдө Судандын […]

Абдуллах Өжалан камактан бошошу мүмкүн

Автор

Түрк бийлиги мындан 25 жыл мурда Кенядан колго түшүрүп, өмүр бою камакка кескен Күрт козголоңчуларынын лидери Абдуллах Өжаланды үй камагына чыгарууну талкуулап жатат. Ал Күрдистан эмгекчилер партиясын түптөп, 1979-жылдан бери террористтик актыларды уюштурган. ПКК (PKK) терористтеринин колунан 30 миңдей түрк жараны көз жумганы айтылууда. Кечээ парламенттеги улуттук партиянын (МHP) лидери […]

БРИКС өлкөлөрү Украинадагы жаңжал боюнча бирдиктүү позицияны макулдашты

Автор

Россиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, БРИКСтин саммитинин жыйынтык декларациясында Украинадагы жаңжал боюнча уюмга мүчө мамлекеттердин бирдиктүү позициясы чагылдырылат. Анын айтымында, бул боюнча макулдашууга жетишилген. “Эч кимде каршылык жараткан жок. Бул жалпы позиция, декларацияга киргизүү үчүн макулдашууга жетишилген ыкма”,-деп билдирди Юрий Ушаков.