Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) палестиналык качкындарга жардам берүү боюнча агенттигинин (БАПОР) бир кызматкери жүк ташуучу унаага Израил армиясынын ракета соккусунан каза тапты. Бул тууралуу БУУнун расмий сайтында айтылат. 11-сентябрда БАПОР Нусейрат качкындар лагериндеги мектепке жана анын тегерегине абадан жасалган соккудан алты кызматкери курман болгонун кабарлаган.
Дүйнө
Токаев казакстандыктардан Назарбаевдин эмгегин унутпоону суранды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Республика күнү мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде бул кызматтагы өзүнүн мурунку кесиптеши Нурсултан Назарбаевдин эмгектерин унутпоо керектигин баса белгиледи. «Бул өлкө үчүн эң маанилүү майрамда биз Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевдин эмгектерин белгилешибиз керек. Ал азыркы заманбап казак мамлекеттүүлүгүн калыптандырууда тарыхый маанилүү роль ойногон. Анын эмгектери […]
Зеленский жаңжалды токтотуунун биринчи кадамын атады
Украина президенти Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктураларга кол салууну токтотуу согуштун аякташына карай биринчи кадам болушу мүмкүн экенин айтты. «Биринчи саммит учурунда энергетикалык коопсуздук боюнча чечим кабыл алынышы мүмкүн экенин көрдүк. Башкача айтканда, биз алардын энергетикалык инфраструктурасына кол салбайбыз, алар да биздин энергетикалык объектилерибизге кол салбайт. Мында согуштун ысык фазасынын аякташы […]
Түрк аба күчтөрү террордук чабуулга жооп иретинде Сирия жана Ирактагы 32 бутага сокку урду
“Түркиянын аскер-аба күчтөрү Анкарадагы теракттан кийин Сирия менен Ирактын аймагындагы Түркияда тыюу салынган Күрдстандын жумушчу партиясына (КЖП) каршы операция жүргүзүп жатат”,-деп билдирди өлкөнүн Коргоо министрлиги. «2024-жылдын 23-октябрында КЖПны жок кылуу аркылуу биздин элге жана коопсуздук күчтөрүнө террордук кол салууларды алдын алуу үчүн Ирактын жана Сириянын түндүгүндөгү террористтик буталарга аскер-аба күчтөрү […]
Путин БРИКСке мүчө өлкөлөр тилектеш экенин айтты
Россиянын Президенти Владимир Путин БРИКСке мүчө болгон суверендүү өлкөлөрдү тилектеш деп атады. “Чынында эле, БРИКСтин курамында ар кандай континенттерди, өнүгүү моделдерин, диндерди, өзгөчө цивилизациялар менен маданияттарды камтыган тилектеш суверендүү өлкөлөр бар деп айта алабыз”,-деди Путин БРИКС саммитинин тар курамдагы жыйынында. Мамлекет башчысы БРИКСке мүчө бардык өлкөлөр теңчиликке, жакшы коңшулукка жана […]
БРИКС саммити: Кытай жана Бразилиянын Украина боюнча демилгеси талкууланды
Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Казандагы БРИКС саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушуулар учурунда Кытай жана Бразилиянын Украина боюнча демилгеси талкууланды. «Кытай-Бразилия демилгеси талкууланды. Ал жалпысынан колдоого алынат жана биз бул демилгени пайдалуу деп эсептейбиз»,-деди Ушаков «Известия» гезитине берген маегинде. Ал Украина маселеси БРИКС саммитинин бардык катышуучулары менен талкууланбаганын тактады. Май […]