Грузияда парламенттик шайлоо: АКШ жана ЕБ мыйзам бузууларды иликтөөгө чакырды

Автор

АКШ жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Грузия бийлигин парламенттик шайлоодо кеткен мыйзам бузуулар боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырышты. Вашингтон жана Брюссел шайлоо процессинде «шайлоочуларды сатып алуу» жана «добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу» сыяктуу маселелерге көңүл бурушту. «Эл аралык байкоочулар шайлоонун жыйынтыктарын эркин жана адилет деп тааныган жок»,-деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони […]

Ирандан Израилдин чабуулу боюнча комментарий келди

Автор

Ирандын аскерлери Израилдин түнкү чабуулу боюнча биринчи жолу комментарий беришти. Чабуулга Тегеран, Хузестан жана Илам провинциялары дуушар болду. Аталган чабуул кайтарылган. Бирок “чектелген зыянга” алып келген. Израилдин Коргоо армиясы мурдараак Иранга каршы операцияны аяктаганын жарыялаган. Чабуулдун максаттары ракета өндүрүшү заводдору болгону, алар Израилдин аймагын аткылоо үчүн колдонулганы айтылууда. ЦАХАЛ өткөрүлгөн […]

Сирия Израилди аскердик объектилерге чабуул жасаганга айыптады

Автор

Сириянын Коргоо министрлиги Израилди аскердик объектилерге чабуул жасады деп айыптады Сирия Республикасынын Коргоо министрлиги билдиргендей, Израил Сириянын түштүк жана борбордук аймактарындагы аскердик позицияларга чабуул жасаган. Абадан коргонуу каражаттары бир нече окту атып түшүргөнү маалымдалган. Чабуулдар Ливан жана Голан дөңсөөлөрү тараптан жасалган. Кесепеттери тууралуу маалымат берилген эмес.

Израил Ирандагы аскердик буталарга сокку урду

Автор

ЦАХАЛ Израилге каршы Иран режими жүргүзүп жаткан «токтобой жаткан чабуулдарга» жооп катары «Ирандагы аскердик буталарга так сокку урду». Ирандын мамлекеттик телеканалы Тегерандын чет жагында катуу жарылуулар болгонун маалымдады. Жарылуулар Ирандын абадан коргонуу системасынын иштеши менен байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылууда. NBC News басылмасынын маалыматына ылайык, Израилдин буталары Тегерандагы казармалар жана […]

Британиянын коргоо министри армиясы согушка даяр эмес экенин айтты

Автор

Улуу Британиянын коргоо министри Жон Хили Бириккен Падышалыктын куралдуу күчтөрү мүмкүн болчу согушка даяр эмес экенин моюнуна алды. Анын айтымында, мурунку министрлер кабинетинин учурунда жетишсиз каржылоо армиянын мүмкүнчүлүктөрүн азайткан. «Бириккен Падышалык, башка көптөгөн өлкөлөр сыяктуу эле аскердик операцияларды жүргүзүүгө өзгөчө даярдыкка өткөн. Бирок биз даяр болбогон нерсе – бул согуш»,-деген […]

Өзбекстандын тоолорунан байыркы шаарлар табылды

Автор

Археологдор Өзбекстандын чыгыш тоолорунан Жибек жолун бойлой жайгашкан, орто кылымдардагы эки шаарды табышты. Бул тууралуу маалымат Nature журналына жарыяланды. Болжол менен VI кылымдан XI кылымга чейин гүлдөп-өнүккөн бул конуштар деңиз деңгээлинен 2 чакырым бийиктикте жайгашкан. Чоңураак шаар Тугунбулактын аянты 120 гектарга жакын болгон. Болжол менен Самаркандга барабар. Тугунбулак маанилүү өнөр […]