Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Монголиянын Президенти Хурэлсух Ухнаанын чакыруусу боюнча Монголияга мамлекеттик иш сапары менен келди. Касым-Жомарт Токаевди Буянт-Ухаа эл аралык аэропортунда Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмөнх, Казакстан Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Габит Койшибаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Мамлекеттик иш сапардын алкагында Монголиянын […]
Дүйнө
Ирак Израил боюнча БУУга даттанды
Ирак БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке жана Коопсуздук Кеңешине Израилдин Иранга сокку уруу максатында Ирактын аба мейкиндигин пайдаланганына байланыштуу нааразылык нотасын жөнөттү. Ирак бийлиги бул окуяны «аба мейкиндигинин жана өлкөнүн суверенитетинин ачык бузулушу» деп атады. Ирактын премьер-министри Мухаммед ас-Судани билдиргендей бийлик аймактык туруктуулукту сактоо саясатын карманууда жана өз жерлерин аймактык […]
Өзбекстандын башкаруучу партиясы шайлоодо көп добуш алды
Өзбекстанда бийликтеги Либералдык-демократиялык партия парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушту алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамходжаев билдирди. «Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы 42,7 пайыз добушка ээ болуп, парламентте 64 мандат алат»,-деди. Өзбекстан тарыхында алгач ирет парламенттик шайлоо аралаш система – мажоритардык жана пропорционалдык негизде өттү. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча республиканын парламентине […]
Түркия Путиндин сапарына даярдана баштады
Түркия Россиянын президенти Владимир Путиндин сапарына даярдыкты баштады. Ошол эле учурда, орус лидеринин сапарынын так мөөнөтү белгилене электиги белгилүү болду. Буга чейин Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Казанда өткөн БРИКС саммитинде жолугушкан. Эрдоган Путин менен болгон сүйлөшүүлөр боюнча өзүнүн таасирлери тууралуу айтып, орус президентинин Украинадагы ок атууну токтотууга […]
БРИКС жөнүндө эмнени билесиз?
БРИКС – Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка өлкөлөрүнүн биринчи тамгаларынан куралган дүйнөлүк уюмдун аты. Бул 5 өлкө дүйнөнүн эң көп өнүккөн экономикасына ээ. Мындан улам алар саясий жана экономикалык платформа уюштурушту. БРИКС уюму экономикалык өнүгүүгө багыт алып, дүйнөлүк экономикага үстөмдүк орноткусу келет. Бул уюм 2006-жылы Владимир Путиндин сунушу […]
Өзбекстандын Жогорку соту өлкөдө өткөн парламенттик шайлоого баа берди
Жекшемби күнү Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасына (парламенттин төмөнкү палатасына) болгон шайлоо процессинин деңгээли жогору болгонун журналисттерге республиканын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шухрат Полванов билдирди. “Олий Мажлистин (парламенттин) мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо процесси жогорку деңгээлде өттү”,-деген Полванов шайлоо алдында сотторго шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүү тууралуу кайрылуулар түшпөгөнүн билдирди. Өзбекстанда жекшемби күнү […]