Путин Казакстанга барат

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. «Сапар чынында активдүү даярдалып жатат. Даталары тууралуу өз убагында кабарлайбыз»,-деп жооп берди Песков. Россия менен Казакстандын кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын протоколунан алынган маалыматтарга караганда, Путин Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен 27-ноябрда […]

Президенттин мурдагы басма сөз катчысына кол салууга байланыштуу төрт адам кармалды

Автор

Өзбекстандын мурдагы президенттин басма сөз катчысы Комил Алламжоновдун өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш ишинин алкагында төрт киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы маалымдады. Кармалгандардын аттары, фамилиялары же баш тамгалары ачыкка чыгарылган эмес, Алламжонов жөнүндө да маалымат берилген жок. Кылмыш иши Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 25, 97 жана 248 беренелери боюнча […]

Coca-Cola 28 миллион бөтөлкөнү сатуудан алдырып жатат

Автор

Coca-Cola компаниясы Австрияда өндүрүштөгү авариядан улам 0,5 литрлик 28 миллион газдалган суусундукту кайтарып ала турганын жарыялады. Себеби алардын курамында металлдын майда сыныктары болушу мүмкүн. Coca-Cola өкүлдөрү кайтарылып жаткан суусундуктар Coke, Fanta, Sprite жана MezzoMix 0,5 литрлик бөтөлкөлөрүндө экенин, алар 2025-жылдын 4-февралынан 2025-жылдын 12-апрелине чейинки жарактуулук мөөнөтү менен белгиленгенин айтышты. Австриянын […]

Немис министр уят болду

Автор

Израилдин Газадагы кыргынын колдогон немис тышкы иштер министри Анналена Шарлоттаны кечээ Кытайдын аба майданында эч ким тоспой койду. Анын уят болгон учурун журналисттер тартып калышкан. Анналена айым өткөн жумада немис парламенттинде сөз сүйлөп жатып, “Газадагы калктуу конуштарды көзөмөл статусунан чыгаруу керек. Израилдин коопсуздугу биз үчүн аябай маанилүү”,- деген эле.

Зеленский: Трамп жеңсе, АКШнын колдоосу токтошу мүмкүн

Автор

Владимир Зеленский Республикачыл партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп жеңсе, АКШнын Украинага колдоосу токтоп калышы мүмкүн деген коркунуч бар экенин мойнуна алды. Ошондой эле ал бул жагдайга байланыштуу Киевдин “өзүнүн ички планы” бар экенин кошумчалады. “Трамп көп нерсени айтат, бирок анын бул колдоону токтото турганын айтканын уккан жокмун”,-деди ал Исландиядагы басма […]

Израил палестиналыктарга жардам боюнча БУУнун ишине тыюу салды

Автор

Израил парламенти (Кнессет) Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам берүү боюнча БУУнун агенттигинин (БАПОР) өлкө аймагында иштөөсүнө тыюу салган эки мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Бир мыйзам долбоору агенттиктин Газа тилкесинде, Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Чыгыш Иерусалимде ишин токтотот, экинчиси болсо израилдик аткаминерлерге жана мамлекеттик органдарга БАПОР менен […]