Харрис шайлоого аз калганда элге кайрылды

Автор

АКШнын вице-президенти жана президенттикке талапкер Камала Харрис Вашингтондо көп миңдеген адамдардын алдында шайлоого бир жума калганда акыркы чоң кайрылуусу менен чыкты. «Бир жума ичинде сизде өзүңүздүн, үй-бүлөңүздүн жана биз сүйгөн бул өлкөнүн келечегине түздөн-түз таасир этүүчү чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болот. Бул эки партия жана эки башка талапкердин тандоосу гана […]

Путин өзөктүк күчтөрүнүн машыгуусун өткөрдү

Автор

Мамлекет башчысы 29-октябрда Кремлден видеобайланыш аркылуу стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн машыгуусун өткөрдү. “Бүгүн биз стратегиялык күчтөрдүн кезектеги машыгуусун өткөрүп жатабыз”,-деп билдирди ал. Путиндин айтымында, өзөктүк куралды колдонуу өлкө коопсуздугун камсыз кылуунун акыркы чарасы болуп саналат. “Биз жаңы курал жарышына катышууга ниетибиз жок экенин баса белгилегим келет. Бирок ядролук күчтөрдү жетиштүү деңгээлде […]

Казакстан Монголияга өзүндө өндүрүлгөн космостук спутник сатты

Автор

Токаевдин Монголияга мамлекеттик сапарынын алкагында Жерди алыстан зонддоо спутниктери боюнча биргелешкен ишти баштоого жол ачкан маанилүү келишимге кол коюлду. Казакстан менен Монголиянын спутниктерди көз карандысыз башкаруусу ар бир өлкөгө жаратылыш ресурстарын мониторинг кылуу жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн зарыл маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берери айтылды. «Бул Казакстандын өзүнүн инженерлери тарабынан иштелип […]

Трамптын өмүрүнө коркунуч жараткан адам кармалды

Автор

АКШда республикачылардан президенттикке талапкер жана өлкөнүн мурдагы лидери Дональд Трампка өлүм коркунучун жараткан деп шектелген кишини кармашты. 74 жаштагы Пол Гавеносиске Трампка карата коркунучтуу сөздөрү жана тартип бузгандыгы үчүн айып тагылды. Бул айыптар ага унаа токтотуучу жайга уруксат алууга келгенде айткан сөздөрүнө байланыштуу коюлган. Пенсильвания полициясы жана АКШнын Кызматтык коопсуздук […]

Байден президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берди

Автор

Америка президенти Жо Байден АКШ президенттик шайлоосунда мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Ал 28-октябрда, дүйшөмбү күнү Нью-Касл (Делавэр штаты) шаарында өз резиденциясына жакын жерде мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Ак сарайдын башчысы кезеги келгенге чейин болжол менен 40 мүнөт күттү. Ал шайлоочулар менен баарлашып, алдында турган майып арабадагы улгайган аялды алдыга жылдырууга […]

Эрдоган 200дөн ашык террорист жок кылынганын билдирди

Автор

23-октябрда Анкарада болгон теракттан кийин 213 террорист жок кылынды. Бул тууралуу 28-октябрда Түркиянын президенти Эрдогандын сөзүн TRT Haber телеканалы маалымдады. «Теракттан кийин Сирия жана Ирактагы террористтик уюмдардын 470 бутага так соккулар жасалды. Жалпысынан теракт үчүн жооптуу кылмышкерлерди кошкондо 213 террорист зыянсыздандырылды»,-деп жазылган билдирүүдө. Түркиянын лидери бул иштерге Түркиянын Куралдуу күчтөрү […]