Кытай Украинадагы куралдуу кагылышууга аскерлерин жөнөткөн эмес. Өлкө бийлиги жарандарынан согуштук аракеттерге аралашпоону талап кылууда. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Линь Цзянь билдирди. «Кытай өкмөтү өз жарандарына куралдуу кагылышуулар болгон аймактардан алыс болууну, катышуудан карманууну, айрыкча эч бир тараптын аскердик операцияларына катышпоону дайыма талап кылып […]
Дүйнө
Клубда чатыры урап, каза болгондордун саны 98ге жетти
Доминикан Республикасынын Санто-Доминго шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар борборунун (COE) директору Хуан Мануэль Мендестин айтымында, клубда чатыры урап түшкөн учурда каза болгондордун саны 98ге жетти. Ооруканага жеткирилгендердин саны 150дөн ашты. Мендес билдиргендей, куткаруу кызматтары издөө жана куткаруу иштерин тынымсыз уланта берет. Анын айтымында, кызматтар тирүү адамдар табылганга чейин иштөөнү улантат. Jet Set […]
Россия Индиянын премьер-министрин Жеңиш күнүндө күтүп жатат
Индиянын премьер-министри Нарендра Модиде 9-Майда өтө турган Жеңиш парадына чакыруу бар. Россия анын бул майрамга карата Москвага келерине үмүттөнүп жатат. Бул тууралуу РФ ТИМинин орун басары Андрей Руденко билдирди. 3-апрелде Буркина-Фасонун президенти Ибрагим Траоре Россиянын президенти Владимир Путиндин 9-Майда Жеңиш күнүнө карата Москвага чакыруусун кабыл алган. Анын менен бирге Кытай […]
АКШ Кытайдын товарларына бажы төлөмдөрүн 104 пайызга көтөрдү
АКШ Кытай үчүн 104 пайыз өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн киргизүүдө. Бул тууралуу CNN Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитке шилтеме берип билдирди. Анын айтымында 9-апрелден тарта Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча 84 пайыз төлөм алынат. Натыйжада, Кытай товарларына жалпы бажы төлөмү 104 пайызды түзөт.
Россия-АКШнын жаңы сүйлөшүүсүнүн датасы билинди
Россия менен АКШ делегацияларынын кийинки жолугушуусу 10-апрелде Стамбул шаарында өтүшү пландалууда. Сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн дипломатиялык миссияларынын ишин нормалдаштырууга арналат. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Стамбулда өтө турган сүйлөшүүдө Россия делегациясын элчи Александр Дарчиев, ал эми АКШ делегациясын мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары Соната Коултер жетектемекчи. Калган катышуучулар эки өлкөнүн […]
Армияга бөлүнгөн эң ири сумма — 1 триллион доллар
АКШ президенти Дональд Трамп администрациясы коргонуу тармагына бир триллион долларлык рекорддук бюджетти жактыра турганын билдирди. «Биз негизинен триллион доллардын тегерегиндеги бюджети бекиттик»,-деди Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушкандан кийин. Трамптын айтымында, бул бюджет «армияга бөлүнгөн эң ири сумма болот». «Мындай нерсени эч ким мурда көргөн эмес. Биз армиябызды курууга […]