БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык Улуу Британияга өттү

Автор

Нью-Йорк убактысы боюнча саат 13:00дө БУУнун штаб-квартирасында Улуу Британиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Барбара Вудворд пресс-конференция өткөрөт. Анда журналисттерге дүйнөлүк уюмдун негизги түзүмүнүн жыйындар программасы тууралуу маалымат берилет. Ал эми Улуу Британиянын жетекчилигинде Коопсуздук Кеңешинин алгачкы жыйындарынын бири дүйшөмбү, 4-ноябрда өтүшү мүмкүн. Улуу Британия, Мальта, Словения, АКШ, Франция, Түштүк Корея жана […]

Бир суткада Ливандан 4 миңден ашуун адам кетти

Автор

Ливан аймагынан Сирия чек арасын сутка ичинде 4 миңден ашуун адам кесип өттү. Бул тууралуу Сирия Араб Республикасынын каршылашкан тараптарды элдештирүү боюнча Орус борборунун жетекчисинин орун басары, биринчи рангдагы капитан Олег Игнасюк билдирди. “Бир сутка ичинде Ливан аймагынан өткөрүү пункттары аркылуу Сирия Араб Республикасынын чек арасын 4 358 адам кесип […]

Грузияда шайлоо: Бюллетендерди салган эки адам кармалды

Автор

Грузия полициясы парламенттик шайлоо учурунда Марнеули районунда бюллетендерди үкөккө мыйзамсыз салганы үчүн эки адамга айып такты. Кармалгандар эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Шайлоонун жыйынтыгы бул тилкеде жараксыз деп табылды. Парламенттик шайлоо Грузияда 26-октябрда өттү. Оппозиция жана президент Саломе Зурабишвили шайлоо жыйынтыгын таануудан баш тартты. Прокуратура бурмалоо боюнча билдирүүлөргө байланыштуу […]

Дональд Трамп Висконсин штаттын таштанды ташуучу унаа менен кыдырды

Автор

АКШнын президенттик шайлоосунда республикачылардан талапкер Дональд Трамп Висконсиндеги шайлоо алдындагы митинге чейин штаттын аймагын таштанды ташуучу унаа менен айланып чыкты. Ал мындай кадамга учурдагы АКШ президенти Жо Байден аларды «таштанды» деп атагандан кийин барды. «Сиз эгер америкалыктарды сүйбөсөңүз Америка менен башкарууга укуктуу болбойсуз. Сиз америкалык элди жек көрүп туруп президент […]

АКШ менен Түштүк Корея Түндүк Кореяга жооп кылат

Автор

АКШ жана Түштүк Корея Түндүк Кореянын ракета учуруусуна жооп катары машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Штаб башчыларынын биргелешкен комитети билдирди. «Корея Республикасынын коргоо министри Ким Ён Хён менен АКШнын коргоо министри Ллойд Остин союздун чечкиндүүлүгүн көрсөтүү үчүн ар кандай чараларды, анын ичинде АКШнын стратегиялык каражаттары менен биргелешкен машыгууларды өткөрүү […]

Суу ташкынынан каза болгондордун саны 95ке жетти

Автор

Испаниядагы суу каптап, 95 адам каза болду. Буга байланыштуу 31-октябрдан 2-ноябрга чейин үч күндүк аза күтүү жарыяланды. El Pais басылмасынын маалыматына ылайык, 30-октябрга караган түнү Валенсиянын ондогон тургундары унааларда жана суу каптаган имараттардын чатырларында түнөшкөн. Жабыркагандардын жана дайынсыз жоголгондордун так саны белгисиз. Валенсияда суу каптоонун кесепеттерин жоюу үчүн 1116 куткаруучу, […]